Курани карим окуу жарышы 18-19-октябрь күндөрү Баткен шаарындагы борбордук «Нуьмани» мечитинде өткөрүлөт.
Сынак түрлөрү:
- Куранды 30 пара тилават тажвиди менен жатка билүү
- Куранды 20 пара тилават тажвиди менен жатка билүү
- Куранды 10 пара тилават тажвиди менен жатка билүү
- Азан айтуу
Сынактын жол жобосу:
- Катышуучулар КРнын жараны болууга тийиш
- Катышуучу Ош шаары, Баткен, Ош жана Жалалабад облусунан болуусу шарт
- Жарыштын бир эле түрүнөн катыша алат
- Катышуучунун жашы 30 дан ашпаган болуусу зарыл
Жеңүүчүлөргө баалуу белектер каралган ( 2 унаа, 3 умра,компьютерлер, телефондор жана башка белектерЖеңүүчүлөргө баалуу белектер каралган ( 2 унаа, 3 умра,компьютерлер, телефондор жана башка белектер
Кечээ, 10-октябрда Баткен шаарында Куран жарыштын облустук туру өткөрүлдү. Анда 1, 2, 3 орунду ээлеген жеңүүчүлөрү түштүк региону Куран жарышка катышышат.
Сынак Баткен казыяты жана жеке ишкер Ибраимов Ахун Абыталиевичтин демөөрчүлүгү менен өтүп жатат.