Дубанын маанилери

Дуба–сөздүктө чакыруу, добуш чыгаруу, каалоо, жардам суроо сыяктуу маанилерге келет. Куранда жыйырма жерде дуба сөзү колдонулат. Дуба – бул тилек, жалбаруу, Жараткандан сурануу деген маанилерди билдирет. Дубанын максаты инсан өзүнүн абалын Аллага сунуп таанытуу болуп саналат.

Дуба — ибадаттын өзөгү, борбору. Дуба момундун куралы, диндин тиреги, асман жана жердин нуру. Дуба — чын көңүл, чын жүрөк менен кылынган ибадат жана чын жүрөктөн көңүл коюу, берилүү менен кылынат. Дуба, эң маанилүү ибадаттардын бири.
Дуба адамга күч берет, анткени дуба кылган адам, өзүнү уккан, көргөн жана тилегине жооп бере турган бир Улуу Кудурет бар экенин билет.

Дуба, ишеним — инсанды, мээрими чексиз кудурет ээси Алла Таалага жеткирүүчү руханий жол. Дуба, адамды кудурети чексиз Жаратуучу менен маектеш кылат. Дуба, алсыз инсан менен кудуреттүү Алла арасында курулган көпүрө сыяктуу. Ошол себептүү дуба, кулунун Раббисине эң жакын жолдон байланыштыруучу катары каралат.

Дуба, ички кыйналуулардын материалдык жана руханий илдеттердин шыпаа булагы. Дуба, ошол эле учурда үмүт жана бейпилдиктин булагы; жашоого болгон кызыгуусун ойготкон мээримдүүлүк түрү. Алла Таала дубанын маанилүүлүгүн Куранда мындай деп билдирген:

قُلْ مَا يَعْبَأُ بِكُمْ رَبِّي لَوْلَا دُعَاؤُكُمْ فَقَدْ كَذَّبْتُمْ فَسَوْفَ يَكُونُ لِزَامًا

«Эгерде силер дуба кылбаганда Раббиңердин алдында эмне мааниңер калмак эле…?»[1]. Сүйүктүү пайгамбарыбыз дубаны; жакшылыктардын ачкычы, момундун куралы, диндин тиреги, ибадаттын туу чокусу катары мүнөздөгөн.[2] Алла Таала мындай дейт:

وَقَالَ رَبُّكُمْ ادْعُونِي أَسْتَجِبْ لَكُمْ إِنَّ الَّذِينَ يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِي سَيَدْخُلُونَ جَهَنَّمَ دَاخِرِينَ

«Мага дуба кылып сурангыла. Мен силердин (суранган тилек — дубаңарды) кабыл кыламын». Албетте, Мага сыйынуудан текеберчилик кылгандар, жакында баштарын ийген абалдарында тозокко киришет.[3]

وَإِذَاسَأَلَكَ عِبَادِي عَنِّي فَإِنِّي قَرِيبٌ أُجِيبُ دَعْوَةَ الدَّاعِي إِذَا دَعَانِي فَلْيَسْتَجِيبُوا لِي وَلْيُؤْمِنُوا بِي لَعَلَّهُمْ يَرْشُدُونَ

«Оо Мухаммед), Пенделерим сенден, Мен жөнүндө сурашса, Мен аларга жакынмын. Мага дуба кылган убактарында дуба кылуучулардын дубасын кабылдаймын. Демек, Акыйкат Жолго жүрүүлөрү үчүн алар да Менин (чакырыгыма) жооп кылышсын жана Мага ыйман келтиришсин».[4] Бул аяттарда байкалгандай эле Алла Таала дуба кылынышын каалоодо жана кылынган дубаларды шек-күмөнсүз кабыл кыла тургандыгын сүйүнчүлөп жатат.

Абу Хурайрадан бир риваятта: “Раббибиз ар күнү кечинде, түндүн акыркы үчтөн бир бөлүгү калганда, жер жүзүнө (мээрими) түшөт да: Кана Мага дуба кылган ким бар? Анын дубасын кабыл кылайын. Мага муктаж болгон ким бар? Тилегин берейин. Менден кечирим сурап тооба кылган барбы? Анын күнөөсүн кечирейин, деп буюрат”.[5]

Кырсыкты дубадан башка тоскоол боло турган (кайтара турган) эч нерсе жок. Өмүрдү да жалгыз дуба жана жакшылык кылуу узартат.[6]

Көптөгөн адамдар дуба кылам, бирок кабыл болбойт деп дубага ишенишпейт. Албетте, дуба кылуунун дагы өз шарттары бар. Алла Тааланын кудуретине жана илимине толук ишенүү, Ага моюн сунуу – бул дубанын эң негизги шарттарынан. Дуба кылуу биздин милдетибиз, ага жооп берүү Жараткандын өз ыктыяры. Мисалы, оорулуу адам доктурга сары кутудагы дарыны бер десе, доктур же берет, же сары эмес башка кутудагысын берет. Анткени, ал оорулууга кайсы дары пайда берээрин дагы жакшыраак билет. Ушул сыяктуу эле, Алла Таала да пендесине эмненин жакшы, эмненин жаман экенин эң жакшы билгендигинен кээде тилегибизди орундатат, кээде башка нерсе берет. Кайсы учурда болбосун дуба кылган Адам эч качан уттурбайт, бул дүйнөдө болбосо, акыретте дубасынын сообун алат жана чоң сыйлыктар күтөт.

Адам баласынын жашоосун ирээтке салып турган, анын муктаждыктарын камсыз кылып турган Улуу кудурет ээси – бул албетте Алла Таала. Алла бул мыйзамды да пенденин дубасына, тилегине байланыштырат. Башка эшикти каккылабай, сурай турган Жараткандан сураган адам дайыма ал Раббисине жакын болот жана Анын эшигинен бош кайтпайт.

Даярдаган: Ош облустук мусулмандар казыятынын адиси  Абдималик ажы Турсунбеков

Фуркан, 77-аят

Тирмизий, 3368-69

Муьмин, 60-аят

Бакара, 186-аят

Муслим,

Ат-Таж, 5/101