Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. Байхаки
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Сауд Араб падышалыгынын Жидда шаарындагы Ritz-Carlton мейманканасында өтүп жаткан “Чоң ажылык” эл аралык форумуна катышууда. Бул маанилүү иш-чарага дүйнөнүн булуң-бурчунан диний лидерлер, аалымдар жана ажылык маселеси боюнча адистер чогулуп, зыяратчылар үчүн кызматтарды жакшыртуу жана тарыхый мурастарды сактоо багытында пикир алышууда.
Форумду Сауд Араб Королдугунун Ажылык жана Умра министрлиги уюштурган. Саамалыкта “Алла Тааланын конокторуна кызмат кылуу” программасынын алкагындагы жаңы демилгелер, зыяратчыларга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, санариптештирүү жана эл аралык кызматташтык маселелери каралууда.
Кыргызстан үчүн бул форум өзгөчө мааниге ээ. 2025-жылдагы ажылык үчүн САП 6060 зыяратчыга квота бөлгөн. Азыркы тапта кыргызстандык мусулмандар ажылык сапарына кызуу даярданышууда.
“Кыргызстандан ажылыкка бара турган зыяратчылардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Бул форумга катышуу аркылуу биз Сауд Араб падышалыгынын жаңы талаптарын, шарттарын жана уюштуруу иштериндеги жаңылыктарды өз учурунда билип, Ажылыкты уюштуруу штабы менен бөлүшөбүз. Максат – биздин ажылар үчүн шарттарды жакшыртуу, алардын ибадатын тынч жана ыңгайлуу өтөшүнө жардам берүү,” – деди Азирети Муфтий.
Форум алкагында бир нече тематикалык сессиялар өткөрүлүүдө. Алардын арасында ажылыктагы кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү маселелери орчундуу болуп эсептелет.