«Эркек болобу, аял болобу – ким ыйман келтирип, жакшы амал кылса, Биз ага жакшы жашоо беребиз» (Нахл сүрөсү, 97-аят).
Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунун студенттери менен мекенчилдик сезимди бекемдөө, илим-билимге шыктандыруу жана экстремизмдин алдын алуу багытында маанилүү жолугушуулар өткөрүлдү. Иш-чараларга Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдындагы илимий-изилдөө институтунун директору Самаган ажы Мырзаибраимов жана үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Эрик ажы Молдокулов катышып, студенттерге мазмундуу баяндамаларды жасашты.
Жолугушуулардын жүрүшүндө лекторлор билимсиздиктин жана экстремизмдин коомго тийгизген терс таасирлери, алардын алдын алуу жолдору, туура диний билим алуунун мааниси жана интернет айдыңындагы ар кандай жалган маалыматтардан, чагымчыл чакырыктардан сактануу маселелерине кеңири токтолушту.
Ошондой эле жаштардын коомдогу социалдык мамилелерди туура калыптандыруусу, ар кандай чакырыктарга жана үндөөлөргө азгырылбастан, маалыматтарды акыл калчап, аналитикалык көз караш менен талдай билүүсү зарылдыгы белгиленди. Мындан сырткары, мекенчилдик сезимди бекемдөө, улуттар аралык ынтымакты, өз ара сый-урматты жана коомдук биримдикти сактоо темалары да камтылды.
Лекторлор жаштарды өлкөнүн тынчтыгы менен туруктуулугун баалай билүүгө, коомдук жоопкерчиликти сезүүгө, билимдүү, сабырдуу жана ар тараптуу ой жүгүрткөн инсан болуп калыптанууга чакырышты.
Жолугушуулар ачык баарлашуу жана суроо-жооп форматында өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго тиешелүү жоопторду алышты.
Белгилей кетсек, жаштар арасында диний сабаттуулукту жогорулатуу, экстремисттик жана радикалдык көз караштардын алдын алуу, мекенчилдикти жана коомдук ынтымакты бекемдөө максатындагы мындай жолугушуулар мындан ары да улантылып, Баткен жана Талас облустарында өткөрүлөт. Бул иш-чаралар Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун жогорку окуу жайлардын студенттери менен жолугушуп, лекцияларды өткөрүү боюнча тапшырмасынын негизинде уюштурулууда.