"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 09.11.2026
  • |

Бишкек жана Чүйдөгү имамдарга умра боюнча масштабдуу жыйын өткөрүлдү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын умра бөлүмүнүн кызматкерлери Чүй облусунда жана Бишкек шаарындагы жалпы имамдар жана диний кызматкерлер үчүн жыйын өткөрдү.

Жыйында умра ибадатына барууну каалаган жарандарга туура жана так маалымат берүү, зыяратчыларды уюшкандыкта сапарга даярдоо, ибадаттын тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды. Зыяратчылардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында КМДБ тарабынан аккредитациядан өткөн туристтик компаниялар менен гана катталып баруу зарылдыгы белгиленип, коңшу өлкөлөр аркылуу умра сапарына чыгуунун мүмкүн болуучу тобокелчиликтери тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле мыйзамдуулукту сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, сапаттуу кызмат көрсөтүү жана түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу боюнча имамдарга сунуштар жана тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, 2026-жылдын 8-ноябрында Ош – Маскат – Жидда багыты боюнча 2-рейс, ал эми 9-ноябрда Бишкек – Маскат – Жидда багыттары боюнча SalamAir авиакомпаниясынын умра зыяратчылары үчүн каттамдары уюштурулганы маалымдалды.

Жыйындын соңунда умра зыяратын уюштурууда жоопкерчиликти күчөтүү, калк арасында түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү жана тиешелүү тараптар менен кызматташуу зарылдыгы белгиленди.

Айта кетсек, иш-чараны уюштурууга КМДБнын Бишкек жана Чүйдөгү өкүлчүлүктөрү көмөк көрсөткөнүн умра бөлүмүнөн билдиришти.