"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 09.11.2026
  • |

Ош облусунда КМДБнын «Сабаттуу айым» долбоорунун семинар-тренингдери жыйынтыкталды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан демилгеленген «Сабаттуу айым» долбоорунун алкагындагы семинар-тренингдер бул жолу Ош облусунун Ноокат жана Араван райондорунда улантылды. Окутуулардын жүрүшүндө аялдардын диний-укуктук, үй-бүлөлүк жана медиа сабаттуулугун жогорулатуу, диний түшүнүгүн тереңдетүү, коомдогу ордун бекемдөө жана социалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүү маселелерине басым жасалды. 

Долбоордун негизги максаты – диний билими жетиштүү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө салым кошкон, коомдук турмушка активдүү катышкан жана ар кандай маселелерге сабаттуу көз караш менен мамиле кыла алган айымдарды калыптандыруу болуп эсептелет. 

Семинар-тренингдер КМДБнын алдындагы илимий-изилдөө институту, үгүт-насаат бөлүмү жана аймактык диний өкүлчүлүктөрдүн уюштуруусу менен өткөрүлүүдө. Аларды жергиликтүү деңгээлде уюштурууга райондук жана шаардык баш имам-хатибдер да көмөк көрсөтүүдө. 

Белгилей кетсек, «Сабаттуу айым» долбоору Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров тарабынан муфтияттын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатуу максатында иштелип чыккан 40 кадамдан турган 5 жылдык стратегиялык иш-мерчемдин алкагында ишке ашырылууда. Тактап айтканда, аялдарды туура нуктагы диний билим менен камсыздоо багытындагы тапшырмаларды жүзөгө ашырууга багытталган. Бекитилген графикке ылайык, долбоордун алкагындагы семинар-тренингдер эми Баткен жана Жалал-абад облустарында улантылат.