"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 06.11.2026
  • |

Манас шаарында умра зыяратын уюштуруу боюнча жыйын өткөрүлдү

КМДБнын умра бөлүмүнүн башчысы Абдулазиз ажы Туташбаев баштаган кызматкерлер Жалал-Абад облусунун Манас шаарына иш сапары менен барып, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн уюштуруусунда аймактагы имамдарга жыйын өткөрүштү. Жыйынга Азирети Муфтийдин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нематулла ажы Жээнбеков баштаган дин кызматкерлери катышты. 

Саамалыкта умра зыяратын туура жана талапка ылайык уюштуруу, зыяратчылардын коопсуздугун камсыз кылуу, ибадаттын эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери каралды. Ошондой эле жарандарга КМДБ тарабынан аккредитациядан өткөн өлкөбүздүн умра компаниялары аркылуу катталып, Кыргызстандагы аэропорттордон сапарга чыгуу сунушталды. Бул зыяратчылардын укуктарын коргоого, коопсуздугун камсыз кылууга жана өлкө экономикасына салым кошууга багытталары белгиленди.

Мындан сырткары, калк арасында диний түшүндүрүү иштерин күчөтүү, зордук-зомбулуктун алдын алуу, адеп-ахлак жана улуттук нарк-насилди жайылтуу багытында иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Жыйынга облустун аймагынан миңден ашуун имам жана диний кызматкер катышып, умра зыяратына байланыштуу суроолоруна жооп алышты. Иш-чаранын соңунда жалпы катышуучулар биргеликте дуба кылышты.