«Оболу төөнү казыкка бекем байла, андан соң гана Аллага тобокел кыл» (Хадис)
Коом | 02.11.2026
  • |

Кыргыз карысы XXVI Москва эл аралык Куран жарышында калыстык милдетти аткарды

2026-жылдын 29–30-октябрь-күндөрү Россия Федерациясынын Москва шаарында «Африка өлкөлөрүнүн сыйлыгы» XXVI Москва эл аралык Куран конкурсу болуп өттү. Аталган абройлуу эл аралык иш-чарага кыргызстандык кары, эл аралык Куран жарыштарынын калысы Асылбек кары Таштемиров катышып, калыстар тобунун курамында калыстык милдетин аткарды.

XXVI ирет уюштурулган бул эл аралык конкурс Ыйык Куранды туура жана көркөм окуу маданиятын жайылтууга, Куранды толук жаттаган хафиздерди колдоого, ошондой эле дүйнө мусулмандарынын ортосундагы руханий жана маданий байланыштарды бекемдөөгө багытталды.

Таштемировдун айтымында, быйылкы конкурс Африка континентинин өкүлдөрүнө арналганы менен өзгөчөлөндү. Ага Африканын 45 өлкөсүнөн катышуучулар тандоо баскычында күч сынашып, алардын ичинен 13 кары финалдык турга жолдомо алышты.

Конкурсту Россия Федерациясынын мусулмандарынын Дин башкармалыгы уюштурса, иш-чаранын өнөктөштөрүнүн бири катары Бириккен Араб Эмираттарындагы Мухаммад бин Заид атындагы гуманитардык университети болду.

Конкурстун президенти — Россиянын башкы муфтийи, Россия Федерациясынын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы, шейх Равиль Гайнутдин өзү Куран саамалыгынын башында турду. 

Мелдеш «Хифз» номинациясы боюнча өткөрүлүп, катышуучулар Ыйык Куранды жатка билүү деңгээли, аяттарды так окуу, тажвид эрежелерин сактоо жана кыраат чеберчилиги боюнча бааланды.

Конкурстун жыйынтыгында 1-орунду Ливиянын өкүлү Халид Адрис Абрахим Бидуллах, 2-орунду Кениянын өкүлү Абдивахаб Касим Ахмед ээледи. Ал эми 3-орунду Руанданын өкүлү Язиди Низейумуремьи жана Жибутинин өкүлү Абшир Абдулкадир Ибрахим бөлүштү.

Бул эл аралык иш-чарада Кыргызстандын өкүлү Асылбек кары Таштемировдун калыстар тобунун курамында калыстык кылуусу өлкөдөгү диний билим берүү тармагында маанилүү окуя болгонун диний билим берүү бөлүмүнөн билдиришти. Анын эл аралык деңгээлдеги мындай жооптуу милдетти аткарышы Ата Мекендеги Куран илиминин өкүлдөрүнүн тажрыйбасын жана кадыр-баркын көрсөтүүгө өбөлгө түзөрүн, мындай эл аралык сынактар карылардын өз ара тажрыйба алмашуусуна, Куран илиминин өнүгүшүнө, ошондой эле мамлекеттер жана мусулмандар коомчулугу ортосундагы достук байланыштардын чыңдалышына кызмат кыларын кошумчалашты.