«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
Аймактар | 30.10.2026
  • |

Ысык-Көл облусунун имамдарына жалпы тест өткөрүлдү

КМДБнын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн жылдык иш планынын негизинде жана өкүлчүлүктүн тапшырмасына ылайык, облустун имамдарынын диний билим деңгээлин жогорулатуу жана квалификациясын өркүндөтүү максатында жалпы тестирлөө өткөрүлдү.

Тест «Мухтасар аль-Викая» китебинин намаз бөлүмүнүн негизинде даярдалып, имамдардын диний билимдерин текшерүүгө, алган илимдерин бекемдөөгө жана фикх илими боюнча түшүнүктөрүн тереңдетүүгө багытталды.

Иш-чаранын негизги максаты – имамдардын илимий дараметин жогорулатуу, диний кызматтагы жоопкерчилигин арттыруу жана элге туура диний маалыматтарды жеткирүүдө билим деңгээлин чыңдоо болуп саналат.

Мындай иш-чаралар имамдардын кесиптик даярдыгын өркүндөтүүгө, диний кызматтын сапатын жогорулатууга жана аймактарда диний агартуу иштерин натыйжалуу жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.