«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
Коом | 30.10.2026
  • |

Азирети Муфтий «Манас» университетинин студенттери менен жолугушту

Бүгүн, 30-октябрда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттери менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында Азирети Муфтий жаштардын руханий жана адеп-ахлактык тарбиясы, билим алуунун мааниси, улуттук баалуулуктарды сактоо жана коомдогу жаштардын орду тууралуу лекция окуду.

Иш-чарада КМДБ тарабынан даярдалган кыска метраждуу таалим-тарбиялык видеороликтер көрсөтүлдү.

Суроо-жооп менен коштолгон жолугушууда Азирети Муфтий студенттерди сапаттуу билим алууга, адеп-ахлакты бийик тутууга, убакытты туура пайдаланууга жана коомдун өнүгүшүнө өз салымын кошууга чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Азирети Муфтий Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин теология факультетин зыярат кылып, окутуучулар курамы менен жолугушуу өткөрдү.