«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
Бишкек шаарындагы бир катар мечиттерде оңдоп-түзөө жана курулуш иштери жүргүзүлүп, жамаат үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, мечиттердин инфраструктурасын жакшыртуу багытында иштер аткарылууда. Алсак;
Биринчи май району:
«Аммар бин Ясир» мечитинде канализация системасы толук орнотулду.
«Мекке» мечитинде имамдын бөлмөсү оңдолуп, кыш мезгилине даярдык көрүлүүдө.
Ленин району:
«Хулафааи Рошидин» мечитинин дааратканалары жаңыланып, мечиттин аймагына асфальт төшөлдү. Ошондой эле аялдар намазканасы үчүн атайын бөлмө жасалды.
«Мубарак» мечити эски имараттын ордуна заманбап үлгүдө кайрадан курулууда.
Жаңы медресенин курулушу аяктады.
«Ас-Сыдык» мечитинде даараткана оңдолуп, килеми жана минбары жаңыртылды.
«Саид Афанди» мечитинде имамдын бөлмөсү жасалып, кыш мезгилине даярдык көрүлдү.
Свердлов району:
«Зиябидин каары» мечитинин короосуна асфальт төшөлдү.
«Үмүт» мечитине жылытуу системасы орнотулуп, кыш мезгилине даярдык көрүлүүдө.
Аталган иштер мечиттердин шарттарын жакшыртууга, ибадат кылуучулар үчүн ыңгайлуу чөйрө түзүүгө жана диний объектилердин материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө багытталган.