«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
Аймактар | 30.10.2026
  • |

Кадамжай районунун имамдары үчүн компьютердик курс өткөрүлдү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн иш планынын негизинде имамдар үчүн компьютердик сабактар этап-этабы менен өткөрүлүүдө. Бул иш-чара Кадамжай райондук хатибиятынын уюштуруусу менен жүзөгө ашууда.

Бул жолку сабак Кадамжай районунун имамдары үчүн уюштурулуп, анда Microsoft Word жана Microsoft Excel программаларында иштөө, документтерди даярдоо, тексттерди форматтоо, таблицаларды түзүү жана маалыматтарды иреттөө боюнча практикалык түшүндүрмөлөр берилди.

Аталган курстун максаты имамдардын компьютердик сабаттуулугун жогорулатуу, заманбап технологияларды өздөштүрүүсүнө көмөктөшүү жана иш кагаздарын жүргүзүү көндүмдөрүн өнүктүрүү болуп эсептелет.