«Жакшылыкта, такыбаалыкта бири-бириңерге көмөктөшкүлө» (Мааида сүрөсү, 2)
КМДБнын умра бөлүмүнүн кызматкерлери иш сапар менен Баткен облусуна барды. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн уюштуруусу менен Баткен облусунда жалпы имамдар жана диний кызматкерлер үчүн жыйын өткөрүлдү.
Жыйында умра ибадатына барууну каалаган жарандарга туура жана так маалымат берүү, зыяратчыларды уюшкандыкта сапарга даярдоо, ибадаттын тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды. Зыяратчылардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында КМДБ тарабынан аккредитациядан өткөн туристтик компаниялар менен гана катталып баруу зарылдыгы белгиленип, коңшу өлкөлөр аркылуу умра сапарына чыгуунун мүмкүн болуучу тобокелчиликтери тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле мыйзамдуулукту сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, сапаттуу кызмат көрсөтүү жана түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу боюнча имамдарга сунуштар жана тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 2-ноябрынан тартып Ош – Маскат – Жидда, 3-ноябрдан тартып Бишкек – Маскат – Жидда багыттары боюнча SalamAir авиакомпаниясынын умра зыяратчылары үчүн каттамдары иштей баштаганы маалымдалды.
Жыйындын соңунда умра зыяратын уюштурууда жоопкерчиликти күчөтүү, калк арасында түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү жана тиешелүү тараптар менен кызматташуу зарылдыгы белгиленди.