"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 06.11.2026
  • |

Азирети Муфтий аймактык диний өкүлчүлүктөрдүн маалымат адистерин сыйлады

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров муфтияттын жана аймактык диний өкүлчүлүктөрдүн ишмердүүлүгүн коомчулукка жайылтуудагы үзүрлүү эмгектери үчүн маалымат адистерин сыйлады.

Сыйлоо аземи 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Азирети Муфтий маалымат адистеринин диний башкармалыктын ишмердүүлүгүн, аймактарда аткарылып жаткан саамалыктарды жана руханий-агартуу багытындагы иштерди коомчулукка өз убагында, так жана жеткиликтүү жеткирүүдөгү эмгегин белгиледи.

Ошондой эле маалымат тармагында иш алып баруу чоң жоопкерчиликти, тактыкты жана кесипкөйлүктү талап кыларын белгилеп, адистерге мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Сыйлоо аземи маалымат кызматкерлеринин эмгегин баалоо жана алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүү   максатын көздөдү.