"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Бүгүн, 6-ноябрь күнү Ош шаарындагы «Беш капа» мечити 2500 намаз окуучуга ылайыкташтырылып, заманбап архитектуралык талаптарга жооп берген үлгүдө кайра курулуп, салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди. Мечиттин ачылыш аземине Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Убайдилла ажы Сарыбаев баштаган шаардагы дин кызматкерлери, мечиттин курулушуна салым кошкон демөөрчүлөр жана жергиликтүү тургундар катышты.
Иш-чара алгач Ыйык Куран аяттарынан окуу менен башталып, андан соң Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Убайдилла ажы Сарыбаев жаңыдан курулган мечиттин маанилүүлүгү жана элдин руханий жашоосундагы ордуна токтолуп, мындай сооптуу ишке салым кошкон демөөрчүлөргө ыраазычылыктарын билдирди. Ошондой эле мечиттер коомдогу ынтымакты, биримдикти жана адеп-ахлактык баалуулуктарды бекемдөөдө маанилүү орунду ээлей тургандыгын баса белгиледи.
Кайрадан жаңыланган мечит жергиликтүү тургундардын диний муктаждыктарын камсыз кылуу менен катар жамааттын башын бириктирген, руханий тарбия жана ыйман-билимдин очогу болуп кызмат кылмакчы.
Аземдин соңунда мечиттин курулушуна салым кошкон инсандарга ыраазычылыктар айтылып, Алла Тааладан бул сооптуу ишке себепкер болгон бардык жарандардын соопторун кабыл кылуусу жана жаңы мечитти элге куттуу, берекелүү жайлардан кылуусу тиленди.