"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Үстүбүздөгү жылдын 9–12-ноябрь күндөрү Дагестан Республикасында «Мусулман аалымдарынын руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды жана жарандык иденттүүлүктү бекемдөөдөгү мурасы» аттуу VI эл аралык конференция өттү.
Иш-чара Дагестан гуманитардык институту тарабынан Ислам маданиятын, илимин жана билим берүүнү колдоо фондунун көмөгү менен уюштурулду.
Конференциянын негизги максаты – мусулман аалымдарынын руханий-адеп-ахлактык мурасын сактоо жана өнүктүрүү, коомдогу руханий баалуулуктарды бекемдөө, жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу, ошондой эле маданияттар жана диндер аралык диалогду өркүндөтүү болуп эсептелет.
Иш-чаранын алкагында теология, ислам таануу, философия, тарых жана педагогика багыттарындагы илимий изилдөөлөр, билим берүү тармагындагы жетишкендиктер жана тажрыйбалар талкууланып, пикир алмашуулар өткөрүлөт.
Эл аралык жыйынга Орусиядан жана чет өлкөлөрдөн окумуштуулар, изилдөөчүлөр, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, диний уюмдардын, коомдук жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышууга чакырылган. Аталган иш-чарага КМДБнын атынан Азирети Муфтийдин орун басары Шакир ажы Маматов жана КМДБ кызматкери Уланбек ажы Сайпидинов катышып, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун жана Кыргызстан мусулмандарынын саламын жеткиришти.
Конференция илимий кызматташтыкты чыңдоого, мусулман аалымдарынын баалуу мурастарын кийинки муундарга жеткирүүгө жана коомдогу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктардын ордун арттырууга багытталган.