«Эркек болобу, аял болобу – ким ыйман келтирип, жакшы амал кылса, Биз ага жакшы жашоо беребиз» (Нахл сүрөсү, 97-аят).
Коом | 13.11.2026
  • |

Умра сапарына барууга ниет кылган зыяратчыларга кайрылуу

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан 2026–2027-жылдардагы умра зыяратын уюштуруу боюнча туристтик компанияларды аккредитациялоо иштери жүргүзүлүп, белгиленген талаптарга ылайык документтери текшерилгенден кийин азырынча жалпы 36 туристтик компанияга умра сапарын уюштуруу укугу берилген. Бул боюнча ушул расмий сайтыбыздан толук маалымат алсаңыздар болот.

Учурда зыяратчыларды Бишкек жана Ош шаарларындагы эл аралык аэропорттордон Сауд Араб Падышалыгына ташуу үчүн SalamAir, Air Arabia жана Flyadeal авиакомпанияларынын аба каттамдары жеткиликтүү жүргүзүп, зыяратчыларды күн сайын ташууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Мындан тышкары, умра сапарын уюштуруунун сапатын жогорулатуу, туристтик компаниялардын жоопкерчилигин күчөтүү, зыяратчылардын ибадатын толук жана талаптагыдай аткаруусуна шарт түзүү, ошондой эле алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында республика боюнча жалпы имамдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү эскертүүлөр берилди.

Аккредитациядан өткөн 36 туристтик компаниянын арасынан жакшысын тандоо ар бир зыяратчынын жеке укугу. Ошол эле учурда, КМДБ жарандарды туристтик компанияны тандоодо кылдат болууга, анын ишмердүүлүгү, кызмат көрсөтүү шарттары жана зыяратчылардын алдындагы милдеттенмелери тууралуу алдын ала толук маалымат алууга чакырат.

Тилекке каршы, айрым учурларда жарандар туристтик компанияны өз алдынча тандап, тиешелүү төлөмдөрдү жүргүзүп, сапарга чыккандан кийин гана ар кандай көйгөйлөргө туш болушууда. Айрыкча, мындай жагдайлар чет өлкөдө жаралып, зыяратчылар ошол жакта кыйынчылыкка кабылган учурда КМДБга кайрылуулар түшүүдө. Мындай учурларда зыяратчылар башка өлкө аркылуу учкандыктан, көйгөйдү ыкчам чечүү жана жарандарга тиешелүү жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү чектелип калууда.

Ушуга байланыштуу мекендештерибизге төмөнкүлөрдү эскертебиз:

• Компаниянын ишенимдүүлүгүн, буга чейинки иш тажрыйбасын жана зыяратчылардын алдындагы жоопкерчилигин эске алуу.

• көрсөтүлө турган кызматтардын түрлөрүн, сапардын шарттарын жана төлөмдөрдү тактоо;

• төлөм жүргүзүүдөн мурда туристтик компания менен кагаз түрүндө расмий келишим түзүү жана келишимдин бир нускасын өзүндө сактоо;

• зыяратчыларды бирдиктүү «Умра» электрондук тиркемесине каттоо тартибин алдын ала билүү.

Бул талаптар зыяратчылардын укуктарын коргоого, сапар учурунда келип чыгышы мүмкүн болгон көйгөйлөрдүн алдын алууга жана тараптардын жоопкерчилигин так аныктоого багытталган.

Ошол эле учурда, «Нур Умра» туристтик компаниясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу буга чейин КМДБга жарандар тарабынан бир нече жолу телефон аркылуу кайрылып, расмий арыздар келип түштү.

Мындан тышкары, аталган компания зыяратчыларды КМДБнын бирдиктүү «Умра» электрондук тиркемесине каттабай туруп сапарга жөнөткөндүгүнө байланыштуу умра бөлүмү тарабынан тиешелүү акт түзүлгөн. Бул маселе боюнча компаниянын өкүлдөрүнө бир нече жолу байланышып, эскертүүлөр берилген.

Аталган жагдайларды мындан аркы кароо жана тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна сунушталып, анын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана белгиленген тартиптерге ылайык тиешелүү чаралар көрүлөрүн маалымдайбыз.

Урматтуу мекендештер!

Умра сапары – бул жөн гана саякат эмес, ыйык ибадат. Андыктан ибадатыңыздардын тынч жана үзгүлтүксүз аткарылышы, сапарыңыздардын коопсуздугу үчүн туристтик компанияны тандоодо кайдыгер болбоңуздар. Көйгөй жаралгандан кийин эмес, сапарга чыгуудан мурда анын алдын алуу чараларын көрүңүздөр!

Көйгөй жаралган учурда түндүк аркылуу же электрондук почта аркылуу расмий кайрылууңуздарды эскертебиз.

Байланыш үчүн: 0551204030, 0505204030, 0550557775, kg_muftiyat@mail.ru