“Айткын: Алла Жалгыз! Алла эч кимге муктаж эмес! (Ал) төрөбөгөн жана төрөлбөгөн. Ага эч ким теңдеш эмес”. (Ихлас сүрөсү)
КМДБнын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн 2026-жылга карата иш-планынын негизинде облустагы имамдардын компьютердик сабаттуулугун жогорулатуу максатында окуу курсу уюштурулду. Окууга облус имамдары катышып, сабактардын жүрүшүндө компьютерди эркин колдонуу, Microsoft Word программасында документтерди даярдоо жана Excel программасында иштөө боюнча практикалык билимдерге ээ болушту.
Курстун максаты имамдардын компьютердик сабаттуулугун жогорулатуу жана иш кагаздарын жүргүзүүдө заманбап технологияларды натыйжалуу пайдаланууга үйрөтүү экенин аймактык диний өкүлчүлүктөн билдиришти.
Белгилей кетсек, Баткен облусундагы дээрлик бардык имамдардын Куран окуу жана тажвид боюнча квалификациясын жогорулатуу максатында сынактар өткөрүлгөн. Сынактын жүрүшүндө имамдардын Куран окуу жана тажвид боюнча билим деңгээли бааланды. Аталган иш-чаралар Азирети Муфтийдин 2024-2029-жылдарга карата стратегиялык иш-планын аткаруу алкагында, КМДБнын Баткен облусундагы өкүлү Муратали кары Мамадияр уулунун демилгеси менен уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты имамдардын Куран окуу жана тажвид боюнча билим деңгээлин жогорулатуу, диний сабаттуулугун арттыруу болуп эсептелет.