Талас районунун баш имам хатиби Жолдошбек уулу Канатбек: Ислам дининде тазалык өзгөчө мааниге ээ

Бүгүн, 28-октябрда Талас облусунун Талас районунун имамдары бир ай ичинде аткарган иштери тууралуу маалымат беришти. Район баш имам хатиби Жолдошбек уулу Канатбек имамдардын бир ай аралыгында аткарган иши менен таанышып, «Тазалык – ыймандын жарымы» дегендей имамдарды коомчулукка татыктуу үлгү болууга, мечиттердин айланасын жана ички тазалыгын боюнча жакын арада ишембиликтерди өткөрүү тапшырмасын берди.

“ Ислам дининин эң негизги максаттарынын бири – бул адам баласынын ички жана сырткы дүйнөсүн тазалоо. Ислам дининде тазалык өзгөчө мааниге ээ. Ички дүйнөнүн да, сырткы дүйнөнүн да тазалыгы жөнүндө Куранда жана Пайгамбарыбыздын куттуу хадистеринде кененирээк айтылган. Мусулман баласынын эң маанилүү милдеттеринен болуп эсептелген ибадаттарды аткаруу үчүн руханий тазалык менен бирге материалдык тазалык да талап кылынган. Анын тулку-бою, кийим-кечеси, айлана-чөйрөсү таза болушу кажет. Мына ошентип дин Исламда мусулман адамдын ар тараптан таза болушу максат кылынган»,-деди Жолдошбек уулу Канатбек.