Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

“Сен жетимге каарданба! 
Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!”
                                    (Духа сүрөсү, 9-10)
Коом | 23.04.2025
  • |

«Китеп – билим, китеп – тарых, китеп – нур» аттуу республикалык китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү

Бүгүн, 23-апрель күнү ордо калаада КМДБ жана КИУ тарабынан өткөрүлгөн «Китеп – билим, китеп – тарых, китеп – нур» аттуу республикалык китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү. Саамалыкка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Азирети Муфтийдин орун басарлары, КИУ ректораты, диний кызматкерлер жана окурмандар катышты.

Азирети Муфтий жеңүүчүлөрдү кызуу куттуктап, «Илим бул – нур. Илим-билимдүү адам билими менен коомду жаркытып турган шам чырак. Ыйык Куранда, «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?!» деп баяндалып, билимдүү болуунун артыкчылыгы ачык көрсөтүлгөн. Ал эми пайгамбарыбыз (с.а.в.) өз хадисинде: «Илим алуу – ар бир мусулман эркекке жана аялга фарз» деп билдирген. Сиздер конкурска катышуу аркылуу билимге умтулдуңуздар. Мына ушунун өзү утуш. Анткени билим алуу Жаратканга жакындоо болуп эсептелет эмеспи», – деп билдирди Азирети Муфтий.

Офлайн сынактын жеңүүчүлөрү:
Айзирек Тургунбаева “Бакыттын үрөнү” (офлайн) сынагынан 99 балл менен 1-орунду ээлеп, баш байге КИА К5 авто унаасын утуп алды.
Андан кийинки орундардагы 13 умрага жолдомо уткан жеңүүчүлөр төмөнкүлөр:
1.Сулайман Мергенбаев, 98 балл
2.Жаныбек Кызы Мадина, 98 балл
3.Nurlan Hanafi, 97 балл
4.Омурбек Базарбаев, 97 балл
5.Курваналиева Феруза, 96 балл
6.Нарынбек кызы Камила, 96 балл
7.Авазбек Абдулаков, 95 балл
8.Барыктабасов Ислам, 95 балл
9.Асел Мукашова, 94 балл
10.Нестан Ашырсултанова, 94 балл
11.Чырмашбаев Арлен, 94 балл
12.Сирена Канатбек кызы, 94 балл
13.Бердимурат Мурзаев, 94 балл.

Турдакун Качкынбаев “Сынган кылыч” (офлайн) сынагынан 94 балл менен биринчи орунду ээлеп, баш байге КИА К5 авто унаасын утуп алды.
Андан кийинки орундардагы 13 умрага жолдомо уткан жеңүүчүлөр төмөнкүлөр:
1.Гулбарчын Исмаил кызы, 93 балл
2.Гульнара Яйчибекова, 93 балл
3.Асель Жоробаева, 92 балл
4.Раззак Мусаев, 92 балл
5.Молтур 92, балл
6.Мариям Муктаралиева, 92 балл
7.Лилия Галиева, 92 балл
8.Белес Абдисатар уулу, 92 балл
9.Ашыралы кызы Айканыш, 91 балл
10.Abdumalik Tursunaliev, 91 балл
11.Касмакунов Бек, 91 балл
12.Мойдунов Бусурманкул, 91 балл
13.Сатаров Нурсейит, 91 балл.

Дастан Шамыралиев “Сахабалар салган чыйыр жол” (офлайн) сынагынан 99 балл менен 1-орунду ээлеп, баш байге КИА К5 авто унаасын утуп алды.
Андан кийинки орундардагы 12 умрага жолдомо уткан жеңүүчүлөр төмөнкүлөр:
1.Мукарамхон Абдумухтарова, 99 балл
2.Абдулмалик кызы Мукарама, 98 балл
3.Айканыш Алиева, 98 балл
4.Акмарал Эрмаматова, 97 балл
5.Rasulbek Altynbek, 96 балл
6.Бекболсун Бекиев, 96 балл
7.Мирланбекова Фатима, 96 балл
8.Курбаналиева Омина, 96 балл
9.Абдуллоев Абдумумин, 95 балл
10.Артыкова Адина, 95 балл
11.Абдилаз кызы Уулай, 95 балл
12.Шарапидин кызы Канышай, 95 балл.
Мындан кийинки орундарга да кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.

Онлайн сынактын жеңүүчүлөрү:
Махабаткан Аттокурова “Бакыттын үрөнү” (онлайн) сынагынан 1-орунду ээлеп, баш байге умрага жолдомо утуп алды.
Жолмтова Жумагүл Турдубаевна “Сынган кылыч” (онлайн) сынагынан 1-орунду ээлеп, 91 балл менен баш байге умрага жолдомо утуп алды.
Феруза Таштанбекова “Сахабалар салган чыйыр жол” (онлайн) сынагынан биринчи орунду ээлеп, 93 балл менен баш байге умрага жолдомо утуп алды.
Ошондой эле ар бир китеп боюнча умрадан кийинки орун ээлерине да кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.

Конкурстун жогорку деңгээлде өтүүсүнө себепчи болгон демөөрчүлөр:
Амиралиев Шабданбек Камалидинович 
Пиримов Бердибай Пиримович
Осмонова Мавлюда Мамановна 
Ойтемиров Мадали
Конушбаев Нуркамил
Маматов Турат Зайнудинович
Султанов Мырзырайым Тургунбаевич
Джееналиев Эрнст Файзуллаевич 
Мисиркулов Усман Нурбидинович
Кадыров Жанибек Жакыпович
Суранбаев Айбек Алакаевич
Абдырашутов Махмуд
Мурзали Ысманали уулу
Нуржанов Женишбек Тургунович
Жусупов Эркин Калыкович
Авазбеков Руслан  Авазбекович
Алымкулов Айбек Абдумажитович.
Ташиев Абсатар Оморалыевич
Маматкулов Кенжебек Дурсунбаевич
Кадыров Кеңеш
Надырбеков Тилек Айтбаевич
Маматалиев Медербек Алибекович
Сатаров Али Каныбекович.

Айта кетсек, китеп жарышына 30 миңдей талапкер ат салышкан. Катышуучулар “Сынган кылыч” тарыхый романы, “Бакыттын үрөнү”, “Сахабалар салган чыйыр жол”, “Адам адеби” китептеринен онлайн жана офлайн форматтарында күч сынашкан. 2 этаптан өткөн конкурстун байгесине 3 даана жаңы КИА5 автоунаасы, 40 даана умра жолдомосу, акчалай сыйлыктар жана кызыктыруучу белектер коюлганын уюштуруучулардан Шермухаммед ажы Акматжан уулу билдирген.