Талас облустук казыятынын алдындагы аялдар борборунда 500гө жакын айым илим алышты

Талас облусунун мусулмандар казыятынын алдындагы аялдар үчүн окутуу борборунан бүгүнкү күндө  облустун ар кайсы аймагынан 500дөн ашуун кыз-келиндер диний сабатсыздыгын жоюшту. Бул тууралуу казыяттын аялдар бөлүмүнүн  кызматкери Максуда Таштанбекова билдирди.

Анын айтымында, борбор 2013-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Анда кыз-келиндерге, аялдарга 3 окутуучу Куран, фикх, сиро, адеп-ахлак, хадис боюнча сабактарды өтүп келет.

“Жалпы аялдарга ар аптада  облус казысы жана казыяттын кызматкерлери лекция өткөрүп турушат. Мындан тышкары Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү, Кыргызстан Ислам университетинин мугалимдери тарабынан дагы сабактар уюштурулууда. Жайкы каникул учурунда лагерлерге аталган университеттин кыздары келип сабак уюштурушуп, өздөрүнүн билим деңгээлин жогорулатышат. Борборго илим алабыз деп келген аялдарга ар бир күнү убактыларына ылайыктуу мезгилде лекциялар өтүлүп турат”,-деди Максуда Таштанбекова.

Мындан тышкары борбор төмөнкүдөй иш-чараларды уюштурган:

  • Куран үйрөнгүсү келген аялдар үчүн окуу курстары ачылды.
  • ЖОЖдорго лекциялар өткөрүлдү.
  • Облустун райондорунда аялдардын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча семинарлар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
  • Экстремизм жана терроризмди алдын алуу боюнча семинарлар өткөрүлдү.
  • Рамазан айында жана кадыр түн кечесинде аялдарга адеп-ахлакка туурасында лекциялар өтүлдү.
  • Курман айт майрымына карата демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жардамга муктаж үй-бүлөлүргө кайрымдуулуктар таратылды.
  • Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) өмүр баяны тууралуу жана Куран жарышы сынактары өткөрүлдү.
  • Талас шаарындагы кыздар медресесинин мугалимдерине жана студенттерине  Ханафий мазхабы Матуридий акыйдасы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.