Талас облусунун Талас районуна караштуу Кырк казык айылындагы «Изабек уулу Корчубек» атындагы мечитинде райондун баш имам хатиби Жолдошбек уулу Канатбек Талас районунун имамдарынан 2020-жылдын январь айында аткарган иштери туралуу отчёт алды. Аны менен катар ушул жылы жалпы 28 иш планын аткарууну пландашты.
Андан соң Ислам университети тарабынан уюштурулуп жаткан «Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп конкурсу боюнча имам Бухаринин «Мусулмандын адеби» жана Пайгамбарыбыздын (САВ) жашоо таржымалы тууралуу жазылган «Фыкх ас-Сира» аттуу китептерди имамдарга тапшырды.
“Бул китептерде конкурстан тышкары имамдарга керектүү маалыматтар өтө көп жана пайдалуу кеңештерге бай”,- деген оюн билдирди баш имам хатиб Жолдошбек уулу Канатбек.
Жыйынтыгында имамдар алган китептердин негизинде калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөөрүн айтышты.