Алла алгачкы адамдарды Жер бетине жайгаштыргандан бери көптөгөн кылымдар өттү. Бул мезгил бардыгы Алланын бардык, бирдигин карманган, Алладан башка нерселерге сыйынууну ойлонуп да койбогон эң жакшы мезгил эле. Алар бардыгы Алланын бийлигинде экендигине ишенишкен, Андан гана үмүт кылган, Андан гана суранган, Ага гана баш ийген жана Анын гана өкүмү менен жашашкан.
Илгерки ошол заманда кишилер Алла Таала жаратып, адамзат тукумунун башталышы кылган, эң алгачкы адамдардан болгон өздөрүнүн түпкү бабасы Адамды жана анын аялы – түпкү энеси Аваны эстеринде сакташат эле.
Иблис Адамга болгон душмандыгын унуткан эмес жана ал душмандыгын анын балдардына оодарды. Бирок, ал жана анын жан-жөкөрлөрү ыйманы бекем болгон адамдарды туз жолдон тайдырууга алсыз эле. Каардуу жиндер, адам баласы алардын азгырыгына кирип, адашса да, бирок артынан тообо кылуу менен кайра эле Аллага кайтып баргандыгын көрүшкөн. Бул шайтандардын жинин келтирген. Алар адамдарга болгон каарлануусу жана жек көрүүсү менен уламдан улам жаңы айла-амал азгырыктарын ойлоп таап жатышты, бирок элдер жакшылыкка багыт ала турган болсо, алардын кылган амалдары дагы эң жакшы бойдон кала берет да.
Аллага болгон ыйманын бекем карманган жана пайгамбар Адам алейхи саламдын осуяттарына ылайык жүргөн Адам атанын урпактары дагы ошондой адамдардан эле.
Уламыштарда айтылат, Адам атанын урпактарынын арасында Вадд, Сува, Ягус, Яьук жана Наср аттуу беш такыба адам бар эле. Ал бешөө адамдарды жакшылыкка чакырып, күнөөлөрдөн сактанууну жана Адам ата осуят кылган нерселер менен жүруунү үйрөтчү. Адамдар ал такыбаларды алардын жакшылыгы жана ак ниеттүүлүгү үчүн жакшы көрчү. Алар адамдарды эмнелерге үйрөтүшкөн? Ошол эле ата-энелерибиз бизге үйрөткөн жакшы нерселерге: бир гана Аллага ибадат кылганга, жакындарыңа жардам берүүгө улууларды урматтоого, жакшы нерселер жөнүндө гана сүйлөөгө, уурулук кылбоого жана алдабоого!
Шайтандар болсо, башчысы текебер, менменсинген Иблис менен бир гана нерсени каалашчу – адамдарды түз жолдон чыгарууну жана Алланы унуттурууну. Элдин өздөрүнүн такыбаларын канчалык сыйлап, урматтаганын көрүп, Иблис бир кара ниет ой ойлоп тапты. Ал сабырдуулук менен айтылган такыбалардын бул жалган дүйнөнү таштап кетүүчү учурун күттү. Алар кайтыш болгондо элдер кайгырып, ыйлашты, бирок колдорунан эмне келмек эле, өмүр да, өлүм да бир гана Алла Тааланын колунда эмеспи.
Ошондо шайтандар адамдарга келишип, бул такыбаларды урматтоо менен, келечекте да унутпаш керек дешти. Шайтандар адамдарга ошол кайтыш болгон такыбалардын жакшы кулк-мүнөзүн эскерип туруу үчүн, алардын айкелин тургузууну үйрөттү.
Силер аларды кароо менен, Алла ыраазы болгон адамдарды эстейсиңер жана өзүңөр дагы түз жолдо кадамынарды бекемдейсиңер, — дешти алар.
Адамдарга шайтандардын айткан азгырыгы жакты, анткени алар чындыгында эле түз жолдон тайбоону каалашкан. Айкелдерди орнотуп, аларды карап, кубанып жатышты. Эми Вадда, Суваъа, Ягус, Яъук жана Насрдын ысымдары түбөлүккө калат жана ар ким Аллага кантип ибадат кылууну эстеп турат.
Жылдар өттү, муундан муун алмашып, адамдар акыры бул айкелдердин эмне үчүн орнотулганын унутуп коюшту.
Шайтандар кайрадан адамдарга келишти да айтышты: “Силерден ыраакта турган Алладан сурап эмне кыласыңар? Андан көрө такыбаларга ибадат кылып, аларга кайрылгыла, силер үчүн Алладан суранышсын. Анткени алар Алла Тааланын сыйлуу орунунда. Бул адамдар силер үчүн Алладан жамгыр, мол түшүм, ден-соолук, узун өмүр сурап берет жана Алла алардын дубасын кабыл кылат” .
Элдер адамга Алла Тааладан жакыныраак эч ким жок экендигин унутуп коюшту, алар Аллага жетүү дүйнөдөгү падышаларга жетүүдөй эле кыйын деп ойлошту. Ошентип, бул бактысыздар Алланын алдында алар үчүн суранат деп, айкелдерге сыйына башташты…
Ошол күндөн баштап жер бетинде көп кудайлык таркала баштады. Арабча бул күнөө “ширк” деп аталат жана бардык чоң күнөөлөрдүн ичинен эң чоң күнөө болуп эсептелет.
Көптөрү буга таң калышы мүмкүн: киши Алладан бөлөк бирөөдөн суранса эмне болмок эле? Сыртынан караганда бул зыянсыз эле нерсе болуп туюлушу мүмкүн, а бирок чындыгында, дүйнө жүзундө Кудайдан башка нерсеге сыйынуудан өткөн коркунучтуу эч нерсе жок. Алладан өңгө бирөөгө дуба кылып кайрылуу менен, адамдар Алла Таалага карата эң чоң адилетсиздикти кылышат. Мындайча айтканда бирөөгө кайрылуу менен алар Аллага: “Сен Алласың жана бул таш дагы – Алла” деп, айтып жаткан сыяктуу болушат. Бирок, бизди Алла жараткан да, Ал бизге азык-оокат жана үй-жай берип, бизге Өзүнүн рахматын түшүрүп жатат жана Кыямат Күнү биз Анын гана алдында сурак беребиз. Ошондой эле Бейиштин да Тозоктун да ээси Алла. Кандайча анан мунун бардыгын билип туруп, ибадатыбызды жана кулчулугубузду Андан бөлөк бирөөгө жасайбыз? Анын үстүнө, калган бардык күнөөлөргө – алдамчылыкка, уурулукка, согуштарга, дал ушул ширк жол ачып жатат. Жана бул нерселердин бардыгы адамдардын алардын Кудайы ким экендигин унутуп коюудан болууда. Алла Таала аларга эмнени кылууга жана эмнеден сактанууга өкүм кылганын унутуп коюшуп, ошол себептен алардын жашоосу көптөгөн күнөөлөргө жана кылмыштарга баткан.
Шайтанга алданган эл ширктин сазына батып айкелдерге сыйына башташты. Эл бардык кыйынчылык жана жаманчылыкта, балдар төрөлгөндө жана ким бирөөлөрү өлгөндө таштарга кайрылышты. Көп өтпөй элдер жер жүзүндөгү бардык жакшылыктар Алладан гана болоорун унутуп калышты.
Адамдардын арасында ширктин жаманчылыгы таркалды жана бул көп өтпөй алардын ортосунда адилетсиздикти пайда кылды. Күчтүүлөрү алсыздарын кысымга алып, кордоп, алардын мал-мүлктөрүн тартып алып жана соодада алдап жатышты. Байлары капчыктарын алтынга толтуруп, ал эми кедейлери арзыбаган баага алардын кызматын кылууга аргасыз болушту. Ширк байлардын күчүнө дагы күч кошту, анткени мындан алар акча табышчу. Алар сабатсыздарды жана бечараларды алдоо менен, өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланышып жана бул кылган кылык-жоруктарына курсант болуп жатышты.
Алланы эстеринен чыгарышпаган адамдарын ортосунда ушундай нерселер болмок беле? Алла Тааланын көрүп турганын жана залимге каары келээрин билген адам бөлөк бирөөгө зулумдук кылмак беле? Ааламдардын Роббиси бирөөлөрдү бөлөктөргө ибадат кыл деп буйруду беле? Албетте, жок.
Алланын жакшылыгын унутуп, адамдар бийликти жакшы көрүп калганы ушунчалык, акыйкаттан бурулуп кетишти. Текеберликке берилип, кээ бир адамдар бөлөктөргө бой көтөрүп, менмесинүү менен карап, өздөрүн өзгөчө адамдардан деп сезе башташты. Алар Алланын каары аларга жакындабайт жана бул дуйнөдө да жана тигил дүйнөдө да күнөөлөрү үчүн жазасын тартпайбыз деп ойлошту.
Албетте Алла адамдардын жер жүзүндө эмне кылып жаткандыктарын билген. Ал жер жүзүндө Акыйкатты айтып, бир гана Аллага сыйынууга туура жол көрсөтө турган эч кимдин калбай калганын көргөн. Ошондуктан ааламдардын Роббиси эч качан буттарга сыйынбаган жана бир гана Кудайга сыйынган адамды жиберди. Ал адамдын аты Нух эле.
Алла Нухка пайгамбарлык вазийпасын тартуулап, адамдарды ыйманга чакыра турган милдетти жүктөдү. Бул деген, адамдарга буттардын кишиге жардам берүүгө жөндөмсүз экендигин, бул бир гана Алланын колунда экендигин түшүндүрүү эле. Болбосо, таш жамгыр жаадырып же эгиндерди өстүрө алмак беле? Же болбосо, оорудан айыктырып жана жакырчылыктан куткара алабы? Албетте, жок. Бардык жакшылыктарды адамга тартуулоочу бир гана Алла. Жалгыз гана Ал табияттын күчтөрүнө бийлигин жүргүзүп, адамдардын тагдырына ээлик кыла алат. Жана Алла Таала гана сыйынууга жана мактоого татыктуу.
Өзүнүн заманын эң жакшы адамы, боорукер жана чынчыл Нух Алла Тааланын өкүмүнө жооп берип, адамдарга кайрылды:
-О, эл-журтум! Аллага ибадат кылгыла, анткени силердин Андан башка кудайыңар жок! Акыйкатта, мен силерге эскертүүчүмүн. Мен силер жазалана турган күндөн корком.
Бул сөздү угушуп, элдеги бай адамдар Нухка жаалданышып, аны күнөөлөй башташты.
-Сен жалганчысың! Жана ачык адашууда жүрөсүң! Биз өзүбүздүн кудайларыбызды таштабайбыз! Биз өзүбүздүн аталарыбызды ушул буттарга сыйынып жаткан жеринен тапканбыз жана биз андан кайтпайбыз!
Бул адамдардын ар бирине Нухтун чындыкты айтып жатканы айдан ачык белгилүү эле, анткени Алла өзүнүн пайгамбары кылып бир гана чынчыл адамдарды шайлайт.
Алар эч качан Нухту жалган сүйлөдүң деп айыпташкан эмес, адамдар анын алдамчылык да жана митаамчылык кылганын да көрүшкөн эмес. Байлар алардын булганыч колдорунан алсыздарга болгон бийлигинин кетип бара жатканынан коркушуп, Нухту жалганчысың, деп айыпташмак болушту.
Пайгамбар алардын ыза-кордук жана шылдыңдарын сабырдуулук менен көтөрүп, элди жакшылыкка чакыра берди. Өздөрүнүн байлыктарына чиренген байлар Нухтан жүз буруп кетишти.
-Мен силерден байлык да, бийлик да сурабайм, — деп айтчу пайгамбар аларга. –Мага байлыктын кереги жок, анткени менин сыйлыгым бир гана Аллада.
-Биз көрүп жатабыз, — дешти байлар, — сен биз кандай болсок, ошондой элесиң жана бизден эч бир артыкчылыгың жок. Эмне үчүн сен калгандары билбеген нерселерди билем дейсиң?
-Менин билимим Алладан, — деп жооп берди Нух, — ошондуктан мен Ага чыккынчылык кылганыңар үчүн жазаланасыңарбы деп корком жана Алла Тааланын силерди актап, кечиришин каалайм.
Нухтун чакырыгын элдин арасынан бечара жана алсыз, колунда жоктору кабыл алды. Кедейлер Акыйкат ушул такыба пайгамбарда экендигин түшүнүштү жана аны ээрчишти. Муну көргөн байлар боорлору каткыча күлүп жатышты:
-Кара, сени кимдер ээрчип жатат, алар биздин эң жамандарыбыз! – дешти алар. – Биз эч качан кедейлер менен бир катарга турбайбыз, аларды кууп жибер жана өзүңдүн урууңду уятка калтырба.
-О, менин эл-журтум, эгер менде силердин назарыңардан жашыруун Алланын жакшылыгынын далили болсочу? Бул адамдар ыйман келтиргенден кийин аларды мен кууп жибере Чакырыкка жооп бергендерди кууп жиберүү Алланын пайгамбарынын адатына жатпайт. Мен силер, байларды наадан адамсыңар деп эсептейм.
Байлар жана төрөлөр Нухту шылдыңдап күлүүлөрүн уланта беришти жана Алла жөнүндө Акыйкатты ачууга батынгандыгы үчүн аны жалганчы, деп, айыпташты
Ал эмес элдин падышасы дагы анын жеринде буттарга сыйынбагыла деп талап кылып жаткан адамдын бардыгын угуп өтө жинденди. Ал падыша элди адилетсиздикте башкарчу жана адамдарды буттарга сыйынууга зордойт эле. Ал чындыктын келүүсү менен анын бийлиги бошоңдоорун жана сансыз байлыгынан бөлүшүүгө туура келээрин билген.
Ошол илгерки убакта адамдар азыркыдан бир топ эсе узак жашашкан. Нух адамдарга жүздөгөн жылдар бою даават кылды, бирок алар кулактарына манжаларын тыгып алып анын жакшылыкка чакырган сөздөрүнө кулак салышкан жок.
-Эй, Нух, сен биз менен көпкө талашып-тартыштың. Эгерде сен чынчыл болсоң, бизди коркутуп жаткан нерсеңди көрсөткүн. Кайда сенин улуу жазаң?
-Мунун билими бир гана менин Роббимде. Качан болоорун жалгыз Ал Өзү гана билет жана адамдарга суракты бир гана Өзү жүргүзөт.
-Мунун бардыгын өзүң ойлоп тапкансың жана кайдагы болбогон нерселерди айтып жатасың, — дешти мушриктер жана ар кимиси өзүнүн иштерине таркап. кетишти. .
Көп жүздөгөн жылдар бою буттарга сыйынууларын улантышып жана акыйкатка каршы турушуп, аны жана ыйман келтиргендерди шылдыңдап, аларга ыза-кордук көрсөтүп келишти. Акыры Нух колун көтөрдү да дуба кылды: “Роббим! Мен элиме күнү-түнү даават кылдым, аларды көпчүлүк менен да жалгыздап да чакырдым. Мен айтып келдим: “Кантип эле силер Алланын жети асманды биринин үстүнө бирин коюп, айды жарык чачтырып, күндү шам чырак кылып, жерди килемдей төшөп жаратканын көрбөй жатасыңар?! Роббиңерден кечирим сурагыла, анткени Ал бардыгын Кечирүүчү. Ал силерге асмандан мол жамгыр жаадырат, мал-мүлк, балдарды берет, бактарды өстүрөт, силер үчүн дарыяларды агызат”. Бирок, алар мени угушкан жок! Роббим, бизди калыс чеч жана мени менен ыймандууларды куткар!”.
Алла пайгамбарына . мындай деп жооп берди:
-Сенин элиңен ыймандуу болуп алгандардан башка эми эч кимиси ыйман келтирбейт. Капаланба, андан көрө кеме кур жана ага өзүңдүн үй-булөңдү, ыймандууларды жана бардык айбандардын жана малдардын жуптарынан салгын.
Алла Тааланын жаңы өкүмүн уккан соң, Нух бул улуу ишке жарактуу дарак издей баштады. Анын изденүүсү көпкө созулду, анткени Нухтун эли чөлдө жашачу. Акыры, ылайыктуу даракты табуудан үмүтүн үзүп, Нух колун асманга көтөрдү да Алладан суранды. Ааламдардын Роббиси пайгамбарына жооп кылып Нухка кеме курууга ылайыктуу бир чоң бакты өстүрүп берди. .
Алланын пайгамбары күнү да түнү да тынбай кеме куруп жатты. Күңү да түнү да тынбастан Нухка жана ага тынбай жардам берип жаткан ыймандууларга мушриктердин шылдыңы жаап жатты.
-Сен кемең менен каякка сүзүп бармакчысың, анткени биз какыраган чөлдүн арасындабыз да! – дешти каапырлар. — Эмне, жакында сен бизге эскерткен улуу жаза келген жатабы7
-Каалашыңарча күлуп алгыла, — деп жооп берип жатты Нух, — Акыйкатта, Алланын жазасы болбой койбойт.
-Болсо, эртерээк эле болсо экен! – деп күлүп жатышты бутпарастар. – Муну биз качан болот деп, жүздөгөн жылдар бою күтуп келе жатабыз.
Алар менен айтышууга убактысын да коротпостон, талашка да түшпөстөн Нух, бир гана ааламдардын Роббисинин кыл деген буйругун аткарып жатты.
Буга чейин элдер кемени кантип курууну билишкен эмес. Муну Нух да билбейт эле. Ааламдардын Рббисинин буйругун аткаруу менен ал бир гана Ага таянды, сабыр тутту, анан Алла ага билим эшигин ачып жатты. Акыйкат жолунда жүргөн, арыз-мүңун эч кимге айтпаган Алланын пайгамбарынын адеп-ахлагы канчалык бийик эле. Туруктуулукту, кажыбастыкты көрсөтүү менен күн санап Нух кеме бүтө турган күндү жакындатып жатты, ошонун менен бирге Алланын жооп бере турган күнү да жакындап келе берди.
Нухтун кемеси курулуп бүткөн кезде, Алланын пайгамбары өзүнүн Роббисинен аян алды:
-Кемеге бардык айбандардын жуптарынан, өзүңдүн ыйман келтирген үй-бүлөңдүн мүчөлөрүн жана элиңдин арасынан сени ээрчигендерди жүктөгүн
-Биз Алланын Ысмы менен жүргөн жана токтогон кемеде сүзүп кетебиз. Акыйкатта, Робби Чынчыл. Олтургула бул кемеге, — деди Нух ыймандууларга.
Убакытты текке кетирбестен, ыймандуулар кемеге жайланышты. Андан соң айбандар жана канаттуулар келе баштады. Алланын өкүмүнө ылайык, айбандар – чоңу жана кичинеси, жырткычы жана чөп жечүлөрү жуп-жуп болушуп кемеге кирип жатышты. Аларга кемеде тынчтыкты сактоого буйрук кылынган.
Алла эмне үчүн айбандардын кемеге жуп-жуп болуп келүүсүнө өкүм кылган? Мында ааламдардын Роббисинин улуу даанышмандыгы бар, анткени качан каапырларга Алланын жазасы түшүп, суу кургактыкты ээлегенде, айбандар менен куштар дагы аман калбайт. Алла болсо качан суу жерге кирип кеткенде, айбанаттардын жана куштардын кемедеги бул жуптары, айбанат дүйнөсүнүн жаңы муундарына жашоо берүүсүн каалаган.
Улуу Топон суу күну да келип жетти. Бардыгы акырын жааган жамгырдан башталды. Суу жерге сиңүү менен акырындап өйдө көздөй көтөрүлө берди. Кийин суу жерден да булактап атырылыл чыгып, мурункусунан да көбөйдү. Элдер жанталашып дөңдөргө, чатырларга, бактардын башына чыгып жатышты, бирок көп өтпөй сактанаарга жер калбай калды. Элдер селдин бүтүшүн күтүп сууда сүзүп жүрүштү, бирок суу тартылган жок. Алар бул алаамат Нух эскерткен Алланын жазасы экенин ойлошту бекен? Алар адашкандарын түшүнүштү бекен? Ошондой болгон күндө да, Алла алардын тообосун кабыл кылбайт. Ааламдардын Роббисинин кечирим эшиги жабылган, анткени Нухтун эли жүздөгөн жылдар бою Алланын пайгамбарынын чакырыгына кереңдик кылышкан. Эми аны жалганчы дешээр бекен? Акылдан адашкан жана акмак деп айта алышаар бекен?
Нух элинин суунун түпкүрүнө кантип чөгүп жок болуп кетип жатканын көрүп, алардын ыйман келтирүүсүнө эмне тоскоол болду, деп ойлонуп жатты. Анын айтканы ачык-айкын чындык эмес беле? Ал элине алардын кутулуусунан башка нерсе каалады беле? Жок! Нух Алланын такыба кулдарынан болчу жана байлыкты да, бийликти да каалаган эмес.
Мына Нух сууда сүзүп жүргөн уулун көрдү. Бул акмак атасынын чакырыгын уккан эмес жана өзүнүн эли менен калды. Ал акыйкатты четке какты, эми суунун тартылуусун күтөм, деп кутулууну кайсы бир дөңдөн издеп жатат.
Уулунун жок болуп кетээрине көзү жеткен пайгамбардын жүрөгү мыкчылды. Ал чын жүрөктөн уулуна кайрылды:
-О, уулум, кемеге чык, аман каласың.
-Жок, ата, мен эң бийик тоого чейин сүзүп барам да, ага чыгып алып, жамгырдын токтоосун ошол жерден күтөм. Мен ошол жерден аман калам.
-Бүгүн ыймандуулардан башка эч ким аман албайт , — деп жооп берди атасы. Эми ал бетме-бет келген өлүмдүн астында да мушриктер сокур да, керең да болоорун түшүндү. Бул алаамат Алланын өкүмү экендигин түшүнүүгө алардын аң-сезими алсыз болчу.
Суу жерди да, тоолорду да басып, андан эч ким аман калган жок. .Бир гана ыймандууларга даярдалган кемеде гана Алланын кутулуусу бар болчу.
Кеме сууда калкып жүрдү, ичиндегилердин Аллага тобокел кылуудан башка аргасы жок эле. Кеменин калагы да, рулу да, ал эмес парусу да жок болчу. Кемени бир гана Алла башкарып, суу мейкиндигинде сүздүрүп жүрдү.
Күн сайын ыймандуулар суунун тартылуу учурун күтүп жатышты. Акыры ал күн да келип жетти. Алла сууга тартылууга буйрук берди жана кеме Ал-Жуди тоосуна келип токтоду.
-О, Нух! Бизден сага жана сенин урпактарыңа болгон тынччылык жана берекебиз менен кемеден жерге түш… – деп кайрылды пайгамбарга ааламдардын Роббиси.
Нух жана анын адамдары жээкке чыгышты. Жер нымдуу жана таза эле. Ал жерде эч ким ширк кылган эмес, Алладан башка бөлөк кудайларга сыйынышпаган, бөлөктөргө кордук көрсөтүшкөн эмес. Ааламдардын Роббиси жерди кылмышкерлерден тазалаган, адашууларды жок кылган. Бул нерселер Алла үчүн жеңил жана Ал “бол” деп айтса ошол жетиштүү, Анын каалаган нерсеси жүзөгө ашат.
Жаныбарлар дагы жээкке чыгышты жана жер бетине таркап кетишти. Алланын мээрими менен алар бат эле жер шартына үйүр алышып кетишти.
Ыймандуулар айыл-кыштактарды негиздешип, ширксиз жана адашуусуз жаңы турмушту башташты. Алар бир гана Аллага баш ийүү керектигин жана олуя, такыба адамдарды даңктап-көкөлөтүүгө, аларга эстеликтерди тургузууга, адам менен Алланын ортосуна ортомчу коюуга болбостугун билишкен.
Ыймандуулар Нухка макулдук менен жооп беришкенде, Аллага тобокел кылышкан. Качан сууда сүзүп жүргөн мезгилде Жаратуучунун мээриминен үмүт кылышкан. Адамдар качан кутулушуп жана кайрадан жерге ээ болушканда, өздөрүнүн Роббисине алкыш-мактоолорду айтышкан.
Алладан үмүт кылуу жана Андан коркуу – бул ыймандуу адамдын эң маанилүү сыпаттарынын бири. Биз өзүбүздөгү толук мүмкүнчүлүктөрүбүздү, билимибизди, тажрыйбабызды толук пайдаланышыбыз, максатка жетүүгө умтулушубуз керек, бирок эч качан Алланы унутпашыбыз зарыл. Ал айланабыздагы биз көргөн нерселердин бардыгына кожоюндук кылат. Ар бир иштин акыркы жыйынтыгы, чечими бир гана Аллада эмеспи!?
Акыйкатта, Ал — жашоодогу болгон жакшылыктардын бир гана булагы. Алла гана Бай жана Жоомарт.
Топон суудан кийин төрөлгөн адамдардын бардыгы Нух алейхис саламдын үч уулунун – Хам, Сам жана Яфастын урпактарынан болушат. Алла Таала Нухтун гана тукумун берекелүү кылган жана дүйнө жүзүнө таркалууга өкүм кылган.
Нух жер жүзүндө тогуз жүз элүү жыл жашады. Качан ал Алла аны жакында алып кетээрин түшүнгөндө, уулдарынын бирине кайрылып айтты:
О, менин уулум! Мен сага эки сөздү мураска калтырам: анын бири – Алладан башка чыныгы кудай жок” Акыйкатта, таразанын бир табагына жети асман, жерди, ал эми экинчи табагына – ушул күбөлүктү коё турган болсо, анда ушул ыйман күбөлүгү калганын басып кетет. Экинчи сөз – “Алла Кудуреттүү жана мактоолор бир гана Ага”. Акыйкатта, бул ырыскы алып келүүчү жалпы дуба. О, уулум! Мен сага эки нерсеге тыюу салам: бул ширк жана текеберлик…
Көп узабастан Нух кайтыш болуп кетти, бирок касиеттүү Куранда, миңдеген жылдардын түпкүрүнөн ал жөнүндөгү билим бизге келип турат. ,Ал кандай гана жакшы адам эле, анын адеп-ахлагы да чырайлуу жана сабыры дагы канчалык улуу болчу. Ал өзүнүн урпактарына ширк келтирүүгө жана текеберлик кылууга тыюу салды. Бул улуу насатты биз дагы, менин кымбаттуу окуучуларым, эсибизге сактап калалы. Алла бизге ыраазы болуп жана бизди улуу сыйлыгы болгон Өзүнүн бейиши менен сыйлоосу үчүн, адамдарга ушул эки күнөөдөн оолак болуусу жетиштүү болот. О, Алла, бизди ширктен жана текеберликтен сактагын жана бизди кымындай болсо да Алланын такыба кулу жана Анын пайгамбары Нухка окшоткун. Аамиин!
Булак: «Пайгамбарлар кыссасы» китебинен