Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Бүгүн, 13-майда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин протоколдук жалпы жыйыны өткөрүлдү. VIII чакырылыштын алгачкы жалпы жыйыны болгондуктан, аталган жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдилазиз кары Закиров катышып, бир катар орчундуу сунуштар менен бирге куттуктоо сөздөрүн айтышты жана ийгиликтерди каалашты.
Жыйындын негизги бөлүгү төрага Замир каары Ракиевдин жетекчилигинде улантылды. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин регламентине, ишмердүүлүгүнө жана алдыңкы беш жылга карата коюлган максаттарына байланыштуу күн тартибиндеги бир нече маанилүү маселелер каралып, чечимдер кабыл алынды. Жыйындын жүрүшүндө мүчөлөрдүн ичинен Абдиманап кары Масалиев жана Абдиваси ажы Матраимов Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп көпчүлүк добуш менен бекитилди. Акылбек ажы Халбеков Аалымдар Кеңешинин жооптуу катчысы катары мурдагы кызмат ордунда калтырылды.
Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин астында жалпы мусулман коомчулук, диний окуу жайлар, КМДБнын бөлүмдөрү менен иштешип келе жаткан төрт жумушчу топ болсо, «Үгүт-насаат» иштери боюнча бешинчи жумушчу топ түзүлдү. Ошону менен катар Аалымдар Кеңешинин иш тартибин аныктаган ички жобосун КМДБнын жаңы уставына ылайык кайрадан иштеп чыгып, кийинки жыйынга алып чыгуу жоопкерчилиги төраганын орун басарларына тапшырылды.