Кара-Кулжа районунда Аз. Билал атындагы борбордук мечитинде тазалоо иштери жүргүзүлдү

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда хатибияттын демилгеси менен Аз.Билал атындагы борбордук мечитин тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Ага Кара-Кулжа районунун баш имам хатибинин орун басары Абдулхаким Аскаров, хатибият кызматкерлери жана мечит жамааты катышты.

«Биз Ислам динин аруу, тазалыктын дини деп билебиз. Бүгүнкү эмгегибиз руханий болбосо да руханий тазалыкка жол ачат. Анан дагы  тазалык ыймандын жарымы. Ыйман болсо диндин өзөгү», — деди Абдулхаким Аскаров