Талас облустук мусулмандар казыяты мамлекетибиздин тынчтыгы, элибиздин амандыгын Жараткандан тилеп түлөө өткөрүштү

Талас облустук мусулмандар казыяты ар кандай кырсыктардын болбошу жана кыргыз элинин саламаттыгы, тынчтыгын тилеп түлөө өткөрүштү. Түлөөдө бодо мал союлуп, анын эти муктаждарга, жетим-жесирлерге таратылды. Түлөө учурунда облус казысы Алла Тааладан кыргыз элинин бейпилдиги, аманчылыгы, ынтымагы, биримдигин сурап бата кылды.

Иш чарага КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлүнүн орун басар Канимет Осмонбеков жана аксакалдар катышты.

“Өткөрүлүп жаткан түлөөнүн максаты мамлекетибиздин тынчтыгы, бүтүндүгүн Жаткандан суроо болуп саналат. Дүйнөнү каптап жаткан коркунучтуу дарттан элибизди, жерибизди, мамлекетибизди Алла Таалам сактасын. Бүгүнкү кайрымдуулукка күбө болгон мусулман бир туугандарыбыздын жакшы  тилектери кабыл болсун”, —  деди Таалай ажы Бапиев.

Түлөө учурунда чалынган курбанчылыктын эттери ден соолуктарына байланыштуу келбей калышкан үй-бүлөлөргө жеткирилди.