Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага 
Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.”
(Муслим, Зикр, 2699)
Коом | 26.05.2025
  • |

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров: «Дин кызматы зор аманат»

Бүгүн, 26-май күнү Ош шаарындагы борбордук «Имам аль-Бухарий» мечитинде Кыргызстан мусулмандарынынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош шаарындагы жалпы имамдарга жыйын өткөрдү.

Иш-чарага Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, Ош жана Жалал-Абад облустарынын казылары, КР Президентине караштуу дин иштери жана этностор аралык агенттиктин түштүк аймагы боюнча бөлүм башчы Фурхатбек Адилбек уулу жана укук коргоо органдары катышты.

Иш-чара алгач Ыйык Куран окуу менен башталып, андан соң Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров имамдарга кызмат орду аманат экенин баса белгилеп, берилген аманатка жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.

«Урматтуу дин кызматкерлери! Дин кызматы зор аманат. Ислам кызматы аппак кагаз сыяктуу. Ага кымындай чекит түшсө, анын актыгын эмес, кипкичинекей болгон чекитти көрүшөт. Андыктан оболу Жараткандын мыйзамын так сактап, шариятка толук баш иели. Ошону менен катар мамлекеттик мыйзамдарга жана өзүбүздүн диний башкармалыктын уставына ылайык иш алып баралы. Биз мыйзам үстөмдүгү өкүм сүргөн мамлекеттин жараны болгон соң, өз ишмердүүлүгүбүздү, мисалы финансылык иштерди тиешелүү нормативдерге ылайык жүргүзбөсөк, ниетибиз калыс, оюбуз таза болсо да, бирок ал укуктук жактан жаңылыш болуп калат», – деп билдирди Азирети Муфтий.

КМДБ жетекчиси өз сөзүндө салттуу ислам болгон ханафилик-матуридиликтин артыкчылыктарына токтолуп, расмий дин кызматкерлеринин ар кандай салттуу эмес агымдарга каршы терең илим жана даанышмандык менен күрөшүүлөрү натыйжалуу болорун эскертип өттү.

Ал эми Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов КМДБда аткарылып жаткан иштер жана мекеменин алдыдагы иш пландары менен бөлүшүп, дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө ачык-айкын болуу жана коом менен тыгыз иш алып баруу зарылдыгына токтолсо, улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүм башчысы жаңы кабыл алынган мыйзамдарды аткарууга жана сактоого чакырды.