«Жакшылыкта, такыбаалыкта бири-бириңерге көмөктөшкүлө» (Мааида сүрөсү, 2)
Коом | 04.11.2026
  • |

КМДБнын кызматкерлери ОшМУнун студенттери менен жолугушуу өткөрдү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдындагы илимий-изилдөө институтунун директору Самаган ажы Мырзаибраимов жана үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Эрик ажы Молдокулов Ош мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө илим-билимдин адам жашоосундагы орду, адеп-ахлактын мааниси, ата-энени урматтоо, Мекенди сүйүү жана коом алдындагы жоопкерчилик сыяктуу маанилүү темалар талкууланды.

Самаган ажы Мырзаибраимов өз сөзүндө илим алуу адамдын жеке өнүгүүсү менен гана чектелбестен, коомдун жана мамлекеттин келечегин аныктоочу негизги фактор экенин белгиледи.

«Билимдүү болуу — чоң жетишкендик. Бирок алган билимибизди адеп-ахлак менен айкалыштырып, аны элдин, мекендин кызыкчылыгына жумшай билүү андан да маанилүү», — деди ал.

Ал эми Эрик ажы Молдокулов жаштардын тарбиясында ата-энеге болгон сый-урматтын, ыймандуулуктун жана мекенчилдиктин ордуна токтолду.

«Ата-энени сыйлоо, улууларды урматтоо жана кичүүлөргө ызаат көрсөтүү — улуттук наркыбыздын да, ислам адебинин да принциби. Ар бир жаш өзүнүн жүрүм-туруму, билими жана эмгеги менен мекенине пайда алып келүүгө умтулушу керек», — деп белгиледи Эрик ажы.

Жолугушуу ачык суроо-жооп форматында уланып, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Мындай жолугушуулар жаштардын руханий дүйнөсүн байытууга, илимге болгон кызыгуусун арттырууга жана адеп-ахлактык баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган.

Айта кетсек, бул иш-чара Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун жогорку окуу жайлардын студенттери менен жолугушуп, лекцияларды өткөрүү боюнча тапшырмасынын негизинде өткөрүлдү.