Ош шаарында жардамга муктаж 20 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу “Нур-Ислам” мечитинде “Үмүт жарыгы” кайрымдуулук фонду тарабынан муктаж болгон 20 адамга жардам баштыкчалары тапшырылды.

Урматтуу энелер-эжелер! Биз сиздерге жардам берүүнү көп убакыттан бери ойлонуп жатканбыз. Мына бүгүн “Үмүт жарыгы” кайрымдуулук фондунун колдоосу менен ушул иш-чараны уюштуруп жатабыз. Садака балээден кайтарат дегендей, ар түрдүү кырсык балээ оору сыркоодон Кудайым өзү сактасын”- деди мечит имамы Абдилазиз ажы Абдурахманов.

 Ал эми “Үмүт жарыгы” кайрымдуулук фондунун орун басары милдетин аткарып келген Жунушбек уулу Жоламан  ушул сыяктуу иштерди тынымсыз өткөрүп тураарын айтты.

“Алла Таалага көп көп шүгүр айтамын. Анткени сиздерге жардам берүү үчүн бизге мүмкүнчүлүк бергенине жана ар дайым колдоп келген агаларыма ыраазычылык билдирем. Буйурса Кудайым күч-кубат берсе жардам берүүнү токтотпойбуз”- деди Жунушбек уулу Жоламан

Айта кетсек, жардам баштыкчасында ар бир үй-бүлөгө 10 кг ун, 10 кг макарон, 4 литр суу май жана керектелүчү азык-түлүктөр берилди. Бир жардам баштыкчасы үчүн 1100 сом акча каражатты сарпталды.