Акыркы күндөрдө коомчулукта кооптонууну жаратып жаткан коронавирус илдетин алдын-алуу боюнча Ысык-Көл облустук мусулмандар казыяты мамлекеттик ведомстволор менен биргеликте активдүү иш алып барууда.
Алдын-алуу иштерин жүргүзүү жаатында атайын комиссия түзүлүп, анын алкагында шаар-райондордогу мечиттер, медресе жана Куран жаттаттуу борборлору дезинфекцияланууда.
Аны менен катар мечитердин айланасын тазалоо жана көрктөндүрүү иштери дагы башталды.
Мындан тышкары өлкөбүздө жарыяланган карантиндин мөөнөтү бүткөнгө чейин, коронавирусту алдын-алуу максатында облус аймагындагы бардык мечиттерде күн сайын бешим жана аср намаз убактыларынан кийин микрофон аркылуу жергиликтүү элге эскертүүлөр берилип турмакчы.