Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Азирети Муфтийдин орун басары Замир каары Ракиевдин атасы дүйнө салгандыгына байланыштуу көңүл айтты.
Урматтуу Замир каары!
Атаңыз Шейшенбек Ракиевдин дүйнө салышына байланыштуу чын көңүлүмдөн көңүл айтамын. Бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Себеби, бир мусулмандын үй-бүлөсүндөгү аза, бүткүл мусулмандарды да кайгыга салат эмеспи. Сабыр кылыңыз, анткени, “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35) экен. “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).
Алла Таалабыз күч-кубат берсин. Жаратканыбыз маркум атаңызды Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Жараткан Алла Тааладан тилеймин.
Кыргызстан мусулмандардын атынан Сизге, үй-бүлөңүзгө жана тууган-уруктарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгыңарды тең бөлүшөбүз.
Терең кайгыруу менен көңүл айткан,
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев