Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат». Зумар сүрөсү, 39/9
2025-жылдагы ажылык сапары башталып, зыяратчылардын алгачкы тобун Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Азирети муфтийдин 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, УРШ жетекчиси жана Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу жана Ош облусунун, Ош шаарынын казылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышты.
Азирети Муфтий зыяратчыларга ажылык милдетин шарият көрсөткөн тартипте аткарып, САПтын мыйзамдарын сактоого чакырса, Ош шаарынын мэри өлкөнүн өнүгүүсү, жерибиздин, элибиздин тынчтыгы үчүн бата кылууга үндөдү.
«Ажылык – бул Аллага болгон баш ийүүнүн эң улуу жолунун бири. Ар бир ажы өз сапарын чын ниет менен баштап, шарияттын көрсөтмөлөрүнө ылайык таза, так аткарууга милдеттүү. Ошондуктан, ыйык жайда жүргөн ар бир мусулман Сауд Араб падышалыгынын мыйзамдарын урматтоо менен, тартипти сактап, өзүнүн жүрүм-туруму аркылуу Исламдын улуулугун көрсөтүшү керек. Эл, жер, мекен үчүн дуба кылыңыздар, анткени момундун дубасы кабыл болот» — деди Азирети Муфтий.
Эскерте кетсек, Бишкек-Жидда багыты боюнча алгачкы учуу 24-майда аткарылып, 29-майга чейин созулмакчы. САП быйылкы жылы Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажыларды 139 ажы башчы жетектеп барышмакчы.