Талас облусуна караштуу Манас районундагы Покровка айылынын имамы Жаныбек Акбаевдин демилгеси менен кайрымдуулук иш-чарасы өттү.
Аталган иш-чара Покровка айылындагы 1994-жылы төрөлгөн жигиттердин тарабынан уюштурулуп, топтолгон 17800 сомго күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр алынып, 10 муктаж үй-бүлөлөргө берилди. Анын ичинен Пакровка айылына 5, Жайылган айылына 1, Талас айылына 4 үй-бүлөлөргө таратылды.
«Азыркы учурда Мамлекеттибиз кыйын кырдаалда турганда ар кимибиз өз көмөчүбүзгө кол тартпай биргелешип колдон келген аракетти жасайлы. Тажы вирусун биримдик, ынтымак жана тартип менен жеңели”, — деди айылынын имамы Жаныбек Акбаев