Жалал-Абад казыяты «Бирге жеңебиз» аттуу штаб менен биргеликте муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүүдө

Жалал-Абад областтык комендатурасынын алдында «Бирге жеңебиз» аттуу штаб түзүлүп, Жалал-Абад областтык мусулмандар казыяты ал штабдын мүчөсү болуп кирген. Штабды Жалал-Абад шаарында жайгашкан «Имам Бухорий» борбордук мечитинин имамы Нематулла ажы Жээнбеков жетектеп келет.

Немат ажы штабдын мүчөлөрү менен биргеликте өзгөчө кырдаал башталгандан бери калктын аярлуу катмарларына жардам берип келет.

«Биз буюрса элибизди урууга, улутка бөлбөй жана тутунган динине карап бөлбөй муктаждыгына карап жардамыбызды берип жатабыз. Көргөн күндөрүбүзүн эң жаманы ушул болсун. Элибиз аман болуп, мындай апааттардан Аллахым сактасын»— деди Нематулла ажы Жээнбеков.