Кадамжай районунда жашаган жардамга муктаж 23 үй-бүлөгө тамак-аш азыктары таратылып берилди

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Жыгач жана Кара-Кыштак айылдарындагы жардамга муктаж 23 үй-бүлөгө жеке ишкер Халилов Уланбек тарабынан азык-түлүк таратылды.

Мамлекетибиздеги өзгөчө кырдаалга байланыштуу жеке ишкер 23 кап ун, 115 литир пахта майы таратылып берилди.

Жардам алган жарандар ыраазычылыгын билдиришип, сооп ишине көмөк көрсөткөн ишкерге ак баталарын беришти.