Майлуу-Суу шаарында жеке ишкер тарабынан 20 үй-бүлөгө кой эти таратылды

Кечээ, 7-май күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарынын тургуну жеке ишкер  Алымкулов Эсенбай тарабынан 20 үй-бүлөгө 40 кг. 14 000 сомдук  кой эти жана 3 үй-бүлөгө  2 500 сомдук азык-түлүк таркатылды. Жалпы 16 500 сомду түздү. Бул тууралуу Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков билдирди.

“Илгери Кожожаш баатыр айылын эт менен камсыз кылгандыгын тарыхтан билебиз. Анын сыңарындай Эсенбай инибиз дагы Алла жолуна кан чыгарып энелердин батасын алды. Улуу айда кылган кайыр-садакасын кабыл кылып соопторун эселеп берсин”-деди Абсатар ажы.