Манас районунда 100 үй-бүлөгө азык-түлүктөр таратылып берилди

Кечээ, 21-майда Талас облусуна караштуу Манас райондук хатибиятына Бишкек шаарынан Ибрайимов Израйил  аркылуу “Садака жарыя” максатында  эр азамат жигиттердин демөөрчүлүгү менен 100 жардам баштыгы колу жука үй-бүлөлөргө таратылып берилди.

Бул сапар көбүрөөк мүмкүнчүлүк чектелгендерге жана кары картандарга басым жасалды.

Анда Арал, Чеч-Дөбө, Кара-Арча, Сөгөт,  Жайылган,  Покровка,   Май, жана  Үч Коргон айылдарына имамдар аркылуу таратылып берилди. Ар бир баштык 1200 сом камтып, жалпы 120 000 сом түзүп 100  муктаж үй –бүлөлөргө таркатылды.