Ош облусунда элибиздин амандыгын, тынчтыгын, биримдигин тилеп, түлөө өткөрүлүп, бата кылынды

Бүгүн, 10-июль күнү Ош облусунун мусулмандар казыятында учурдагы пандемияга байланыштуу Жараткандан элибиздин амандыгын, тынчтыгын, биримдигин тилеп, түлөө өткөрүлүп, бата кылынды.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, казыят кызматкерлери, медресе окутуучулары жана жергиликтүү жамаат катышты.

Анда пандемиядан каза болгон бир туугандарыбыздын урматына Куран окулуп, Жараткандан мамлекетибиздин тынчтыгын, биримдигин тилеп, дуба кылынды. Муфтият жана кайрымдуу инсандардын колдоосу менен 1 бодо мал союлуп, эти жардамга муктаж жарандарга жана медресе окутуучуларына берилип, жеринде тапшырылды.

Иш-чара санитардык эрежелердин так сакталуусу менен өттү. Бардык катышуучулар бет кап тагынып, антисептик каражаттар колдонулду. Ошондой эле 1,5 аралык сакталып, дуба кылынды жана кыска убакыттын ичинде жыйынтыкталды.

«Мамлекетибиз коронавирус пандемиясы менен күрөшүп жаткан кези. Биз да  Жараткандан элибиздин амандыгын, тынчтыгын, биримдигин тилеп, кан чыгарып, бата кылуудабыз. Аллах Таалам мамлекетибизди ар кандай оорулардан, балээлерден жана апаат кырсыктардан өзү сактасын. Журтубузга сабыр жана үмүт берсин. Бул күндөр да өтөт. Аллахтан эч качан үмүтүбүздү үзбөй санитардык талаптарды так аткаралы. Бардык нерсе Алланын буйругу менен болот. Бирок ага себеп керек. Себепти өзүбүз изденүүбүз кажет. Мүмкүн болушунча оорудан сактанып, аны менен  күрөшөлү», — деди Самидин кары Атабаев.