Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев: Алла Таала периштелерге эле эмес, адамзатка да ушунча илим берет экен да

«Акыйкатта биз Аллага таандыкпыз жана албетте Ага кайтуучубуз» (Бакара сүрөсү, 156-аят).

«Орто Азиянын илимдеги, Исламдагы чолпон жылдызы, жакшылыктын жарчысы, белгилүү аалым Чубак ажы Жалиловдун кайтыш болгондугу баарыбыздын жүрөгүбүздү канатып, ансайын кайгыга салып кетти. Ажыкебиздин арабыздан кетүүсү өлкөбүз үчүн гана эмес, бүткүл Борбор Азия аймагы үчүн жана бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасы үчүн да чоң жоготуу.

Чубак ажынын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана аны сүйүп-урматтаган жалпы мекендештерибизге Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтамын. Устаттын ыйманы саламат болсун, Жараткан Алла Таала ырайымына алып, бейиштеги даражаңызды бийик кылсын! Сабырдуу болуп, аалымыбызга дуба кылалы!

Апаат илдет бүт дүйнөнү каптап, арабыздан жакшылар, асылдар кеткен сайын каңыгырыбыз түтөп, айтарга сөз таппай калдык. Кайгылуу кабарлар жалпы журттун жүрөгүн тилип, жүлүнүн сыздатып турат.
Чубак ажы Саудиядан диний жогорку билимди алып келгенден кийин Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва бөлүмүндө иштеп турганда жолугушуп, бир күн кечке чогуу болдук. Арашандагы үйүнө барып конок болдук. Айтор кечке диний, шаръий маселелер менен гана маектештик. Акырында менин бул кишиге болгон сыйым артты, Аллах таала периштелерге эле эмес адамзатка да ушунча илим берет экен да ойлоп калдым.
Кыргызстандын Азирети муфтийи болуп турганда да тыгыз алакада болдук. Мен мындай адам менен замандаш болуп калганыма, замандаш эле эмес Кудайдын дининин жолунда үзөңгүлөш болуп калганыма чексиз сыймыктанам. Кыргызымдын намыска чабаар күлүгү эле. Ажыке бир окуу жайдын студенттерин эле эмес бүтүндөй коомчулукту тарбиялап, кыргыз журтчулугунун баарына устат болду.

Өмүрүнүн акырына чейин мекени үчүн ат көтөргүс кызмат кылып, жүздөгөн шакирттерди тарбиялап чыгарган жана китептерди жазган. Элибизге Чубак ажыдан таберик катары көөнөргүс эмгектери, жан дүйнөнү байыткан баяндары, ыйманга сугарган сабактары, баа жеткис китептери калды.

Эл сүйгөн асыл инсан, кадырлуу аалым Чубак ажынын жаркын элеси калкыбыздын жүрөгүндө сакталып, кылымдар бою дуба менен, урмат менен эскерилет. Кудай Таалам тез арада илдеттен арылтып, баарыбызга бекем сабыр берсин, кайгыбызды жеңилдетсин!»

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы
Абибилла Кадырбердиев