Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. 
Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат».
Зумар сүрөсү, 39/9
Коом | 14.05.2025
  • |

Өлкөдөгү жалпы имамдарга стипендия бериле баштады

2025-жылдын апрель айынан баштап Кыргызстан боюнча бардык аймактардагы мечит имамдарына расмий түрдө стипендия берүү ишке ашырылды. Бул маанилүү чечим дин кызматкерлерин колдоо, диний тармакты бекемдөө жана коомдогу туура диний түшүнүктү өнүктүрүү максатында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын демилгеси менен ишке ашууда.

Дин – элдин жүрөгүн, коомдун багытын, жаш муундун рухий дөөлөтүн калыптандырган күчтүү институт. Андыктан, имамдарга берилген бул каражат жөн гана эмгек акы эмес, бул дин кызматкерлеринин эмгегин баалоо.

«Биз бүгүн тарыхый чечимдин күбөсү болуп турабыз. Бул кадам – ар бир имамга, ар бир дин кызматкерине: «Сен жалгыз эмессиң. Эл, мамлекет, муфтият сенин жаныңда» деген билдирүү. Имам – бул жөн гана намазга өтүп койгон киши эмес. Ал – коомдун руханий күзөтчүсү, улуттук аң-сезимди ойготкон жетекчи. Анын тили – элдин руханий жаатын өзгөртөт, үгүтү – тынчтыкты сактайт, көз карашы – жаштарды багыттайт. Биз дин кызматкерине шарт түзүп берсек, ал бүтүндөй бир коомдун аң-сезимин түптөйт. Биз имамга жөлөк болуп берсек, ал бүтүндөй элдин ишенимин туура нукка багыттайт. Бул кадам – акыйкатта, элдин келечегине салынган руханий пайдубал», – деди Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров

Бул жетишкендик өлкөнүн бардык аймактарындагы расмий каттоодон өткөн мечиттерде кызмат өтөгөн имамдарга тиешелүү. Бул аркылуу имамдардын көз карандылыгы азайып, кайрымдуулук же башкалардын колдоосуна таянган шарттан чыгып, калыс, жоопкер жана өз милдетин так аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. 

«Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы бул иш-аракетти коомдук-руханий стабилдүүлүктү бекемдөө, билимдүү жана жогорку даражада даярдалган дин кызматкерлеринин ролун арттыруу, эл арасындагы диний сабаттуулукту көтөрүү максатында ишке ашырууда. Бул кадам радикалдуу идеологиялардын алдын алып, Кыргызстандын өзүнө таандык, мурасчыл, салттуу ислам баалуулуктарын коргоо жана өнүктүрүү жолунда чоң салым болот», – деди Азирети Муфтий.