КМДБнын Россиядагы өкүлү Сүйүмбүк ажы Жусубалиев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Ассалааму алайкум ва рохматулоохи ва барокаатуху!

Урматтуу мекендештер! Бардыгыңыздарды Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан бүгүнкү Курман айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Жараткан Алла Таалам кылган дуба-тилектериңиздерди, жасаган сооп иштериңиздерди кабыл кылган болсун! Мамлекетибизде өсүп-өнүгүү, эл журтубузда тынчтык, бакубат жашоо болсун. Ар бир үй-бүлөгө ырыскы орносун.

Эскерте кетсек, Сүйүмбек ажынын айтымында, Курман айттын урматына КМДБнын Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан Москва шаарында 2-август күнү Ременск районунда мекендештердин катышуусунда майрамдык салтанат өткөрөлөт.