Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарындагы «Радуга» балдар борборундагы жетим балдардан кабар алып, аларга кийим-кече жана мөмө-жемиштерди тапшырды.
« «Радуга» балдар борборунда 18 бала, 23 кыз тарбияланат экен. Балдар үчүн атайын 60 миң рублга кийим-кече жана мөмө-жемиштерди алып бердик. Балдар борборун директору Л.А.Соболева абдан ыраазы болуп, өзүнүн ыраазычылыгын билдирди»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.
Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы өкүлүнүн айтымында мындай кайрымдуулук иштери улантылып, Россия Федерациясынын Мусулмандарынын Диний Башкармалыгы менен болгон кызматташтык алакалары жакшыра бермекчи.