بسم الله الرحمن الرحيم
اَلْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي جَعَلَ النِّسَاءَ شَقَائِقَ الرِّجَالِ، وَأَكْرَمَهُنَّ أَفْضَلَ الْإِكْرَامِ فِي الْحَالِ وَالْمَآلِ، وَصَلَّى اللهُ وَسَلَّمَ عَلَيَ مُحَمَّدٍ وَعَلَى آلِهِ وَأَصْحَابِهِ ذَوِي الْفَضْلِ وَالْإِجْلَالِ، أَمَّا بَعْدُ
Урматтуу жамаат, кадырлуу мусулман агайын-туугандар! Динибизде ар бир инсандын, ал эркек болсун, аял болсун, коомчулукта өзүнө жараша орду жана урматы бар. Аллах Таала ар бир жыныстын өкүлүнө анын физикалык, руханий жана коомдук абалына ылайыктуу, адилеттүү мартаба-даража берген. Орду келгенде шариятыбыздын булактарында аялга болгон мамиле кандай экендигин айтуу пайдадан башка нерсе эмес. Анткени мусулмандардын ичинде аялдарды кадырлаган, урматын жайына коё тургандар көп болгонундай эле, кээде тилекке каршы алардын алсыздыгын пайдаланган жана алардын акысын аяк асты кыла тургандар да кездешип турат.
Ислам тарыхына назар салсак, жахилиятта (Исламга чейин) дээрлик аялдардын укугу болгон эмес. Алар мурастан кур жалак калуу нар жакта турсун, өздөрү бир буюм катары мураскорлордун ортосунда бөлүнүп берилген. Жадагалса чоңойсо да согуштарда колуна курал алып согуша албайт, туткунга түшүп биздин намысыбызды жерге урат, жакырлыкка себеп болот деп жаңы төрөлгөн кыз наристелерди тирүүлөй көмүү кадыресе иш болгон. Инсаниятты адашуудан туура жолго алып чыккан динибиз, бул маселени да адилеттүү чечип, өзүнүн татыктуу ордуна койгон. Аллах Таала Куранда жынысы кандай болбосун бардык инсандар тең укуктуу экенин жана аларды бир атадан жаратканын баян кылат:
يَا أَيُّهَا النَّاسُ اتَّقُوا رَبَّكُمُ الَّذِي خَلَقَكُمْ مِنْ نَفْسٍ وَاحِدَةٍ وَخَلَقَ مِنْهَا زَوْجَهَا وَبَثَّ مِنْهُمَا رِجَالًا كَثِيرًا وَنِسَاءً…
“Эй, адамдар! Силерди бир жан (Адам)дан жаратып, анан андан жубун (Обо энени) жараткан, ошондой эле ал экөөсүнөн көптөгөн эркек жана аялдарды жараткан Эгеңерден корккула!…” (Ниса сүрөси 1-аят)
Аялдар Исламда эне, эже-карындаш, өмүрлүк жар жана кыз катары урматталат. Алар мурас алат жана өзүнөн мурас калтырат, никеде ыраазылыгы суралат. Алар дайыма эркек туугандарынын каржылоосунда болушат. Курандын ондон артык сүрөлөрүндө жана көптөгөн хадистерде аялдарга тийиштүү өкүмдөр бар. Жадагалса алар жөнүндө “Нисаа” (“Аялдар”) деп аталган сүрө да бар. Булардын баары Ислам дининде аялзатына жана анын укугуна жогорку деңгээлде маани берилип, көңүл бурулгандыгынын ачык-айкын далили.
Аллах Таала инсанды жаратып, аны башка заттардан артык кылды. Бул артыкчылыкта аял да, эркек да бирдей тең укуктуу. Аллах Таала Куранда мындай дейт:
وَلَقَدْ كَرَّمْنَا بَنِي آَدَمَ …
“Чындыгында (Биз) адам перзенттерин (азиз жана башка жандыктардан) артык кылдык…” (Исра сүрөсү 70-аят).
Кээ бир нерселерди эсепке албаганда аялдарда эркектер менен барабар динге амал кылышат. Алар да намаз окушат, орозо кармашат, бай болсо зекет берип, мүмкүнчүлүк тапса ажылыкка барышат.
Аялдар түрдүү ибадат жана жакшылыктар үчүн сооп алууда да эркектерге тең. Бул жөнүндө Аллах Таала мындай деп айтат:
وَعَدَ اللَّهُ الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا وَمَسَاكِنَ طَيِّبَةً فِي جَنَّاتِ عَدْنٍ
“Аллах момун эркектер жана момун аялдарга астынан дарыялар агып турчу, түбөлүк жашачу бейиш бактарындагы жагымдуу жайларды убада кылды” (Тавба сүрөсү 72-аят).
Аял кишиге Аллах Таала эки маселеде жоопкерчиликти жүктөйт, биринчиси – өзүнүн өмүрлүк жолдошуна руханий жана моралдык жөлөк болуу, экинчиси – перзент дүйнөгө келтирүү жана ага камкордук кылуу машакаттары. Шариятыбызда мына ушундай машакаттар каршылыгында бир нече маселелерде аялдардын руханий жана физикалык абалдары этибарга алынып, аларга урмат көрсөтүлгөн жана жеңилдиктер берилген:
- Жашоонун түрдүү тармактарында жоопкерлик эркектерге жүктөлгөн, мындай машакаттардан аялдар азат болушкан. Бул жөнүндө Куранда мындай делинген:
الرِّجَالُ قَوَّامُونَ عَلَى النِّسَاءِ بِمَا فَضَّلَ اللَّهُ بَعْضَهُمْ عَلَى بَعْضٍ وَبِمَا أَنْفَقُوا مِنْ أَمْوَالِهِمْ…
“Эркектер аялдардын үстүнөн (үй-бүлө башчысы катары дайыма) кожоюн болушат. Себеби – Аллах алардын айрымдарын (эркектерди) айрымдарынан (аялдардан) (кээ бир өзгөчөлүктөрдө) артык кылган жана (эркектер өз үй-бүлөсүнө) өз мал-мүлкүнөн сарп кылып турушат…” (Ниса сүрөсү 34-аят).
- Ислам аялдардан согушта катышуу милдетин алып салды.
- Ислам аялдарды жума намазына жана жамаатка чыгууга буюрган эмес.
- Күбөлүк берүү жоопкерчилиги жаатында да эркектерге салыштырмалуу аялзатына эки эсе жеңил кылынды. Касас жана кылмыштарда күбөлүк берүү жоопкерчилигин алардан алып салды. Бирок аялдарга тийиштүү маселелерде алардын күбөлүгү толук деп эсептелинет жана бул шариятыбыздын аларга чоң ишенич билдиргени.
- Аял киши орозгерине каражат сарптоого мажбур эмес. Бул толук бойдон эрдин милдети. Эр өзү аялдын мүлкүнө кирбей туруп махр-калың берет, той кылат, үй-жай менен камсыздайт, аялдарын жана бала-чакасын багат. Бул аял үчүн финансылык жааттан жеңилдик.
- Эгер жолдош боло турган махрамы болбосо, аялдарга ажылык фарз болбойт.
- Исламда ким аялга зына кылды деп жалаа жапса, ага жаза дайын кылынган.
- Исламда, эгер эр зулум кылса, аялга хулуъ – талакты (ажырашуу) талап кылууга уруксат берилет.
Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) аялдарды кемсинтүүгө чек коюу жана алардын коомдогу ордун билдирүү үчүн үммөттөрүнө жетээрлик көрсөтмөлөр берген. Ал зат жаратылуу жаатынан эркек жана аялдын негизи бир экендиги жөнүндө мындай дейт:
إِنَّمَا النِّسَاءُ شَقَائِقُ الرِّجَالِ
(رواه الامام أبو داود عن عائشة رضي الله عنها)
“Албетте, аялдар – эркектардин карындаштары.” (Айша энебизден (разияллоху анха) Имам Абу Давуд риваяты).
Өкүнүчтүүсү, азырга чейин кыз перзент дүйнөгө келсе, капа болуу, уул төрөбөдүң деп аялына каардануу өңдүү осол учурлар кездешет. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) бизге кыз перзенттерди жакшылап камсыздап, тарбиялап, турмушка узатуу бейиштеги жогорку мартабаларга себеп болорун уктуруп келген:
مَنْ عَالَ ابْنَتَيْنِ أَوْ ثَلَاثًا، أَوْ أُخْتَيْنِ أَوْ ثَلَاثًا، حَتَّى يَبِنَّ أَوْ يَمُوتَ عَنْهُنَّ كُنْتُ أَنَا وَهُوَ فِي الْجَنَّةِ كَهَاتَيْنِ — وَأَشَارَ بِاِصْبَعِهِ الْوُسْطَى وَالَّتِي تَلِيْهَا
رواه الامام ابن ماجه عن أنس ـرضي الله عنه
“Ким эки-үч кыз же карындашын (камкордук кылып) тарбияласа жана алар андан ажыраса (турмушка чыгып кетсе) же ошол кишинин өзү каза болсо, мен жана ал киши бейиште мына мындай чогуу болобуз (деп, ортон жана сөөмөй манжаларына ишаара кылды)” (Анастан (разияллоху анху) Имам Ибн Мажа риваяты).
Аялдардагы физикалык алсыздык караланбайт. Анткени алар мунун себебинен айыптуу эмес. Алардын дилинин назиктиги, сезимдеринин күчтүүлүгү орточо болсо, мактоого ылайык. Бул нерсе алардагы назиктик жана сулуулукту ашырат.
Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) аялдардагы мына ушул алсыздыкты этибарга алып, аларды коргоого дайыма даяр турчу. Жадагалса коштошуу ажылыгындагы белгилүү кутбасында да, аялдарга карата жакшы мамиледе болууну кайра-кайра осуят кылган. Ал зат өзүнүн никесиндеги эч бир аялына кол көтөргөн эмес, аларга жакшылык кылууда үммөтүнө үлгү болду жана ушул ишке аларды дайыма кызыктырып келди:
)خَيْرُكُمْ خَيْرُكُمْ لِأَهْلِهِ، وَأَنَا خَيْرُكُمْ لِأَهْلِي ( رواه الامام الترمذي عَنِ ابْنِ عَبَّاسٍ رضي الله عنهما
“Силердин эң жакшыңар – үй-бүлөсүнө жакшы болгону. Араңарда мен өзүм – үй-бүлөсүнө эң жакшыңармын” (Ибн Аббастан (разияллоху анху) Имам Термизий риваяты).
Аялдар Исламда эне катары чексиз кадыр-барк тапкан. Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам) никесинде болгон аялдар кыяматка чейин келе турган момундардын энеси, деп эсептелинет. Жадагалса хадистерде жакшылык кылууну энеден баштоо осуят кылынган.
Күндөрдүн биринде Муавия ибн Жахима ас-Суламий (разияллоху анху) Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам) жанына келип: “Аллах Таала жолунда казатка чыкмкчымын”, – деп уруксат сурайт. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) анын энесинин тирүүлүгүн билип, энесине кызмат кылууну буюрат. Дагы уруксат сурай бергенден соң, ал зат: “Береке тапкыр, энеңиздин бутуна бекем жабышыңыз, ошол жерде бейиш бар!”– дейт (Имам Ибн Мажа риваяты).
Динибизде кишинин өзүнө да, өзгөлөргө да зулум кылуусу чоң күнөөлөрдөн деп саналат. Айрыкча, аялы-өмүрлүк жолдошу, перзенттеринин энесине жабыр кылуу андан да жаманыраак. Бүгүнкү күндө эркектик намысты жоготкон кээ бир кишилер олуттуу бир себеп болбосо деле өз аялын кароосуз таштап кетүүдө. Андан кийин аларды же аял кылбайт, же талагын бербейт. Муну менен эр Аллах Тааланын бир канча (үй-бүлөлүк бейпилдик, өмүрлүк жар жана перзент сыяктуу) чоң нээматтарына шүгүрсүздүк кылган болот.
Кээ бир ыпылас эркектер ачык эле: “Сени өмүрүңдүн акырына чейин талагыңды бербей, арасатта калтырып кыйнаймын”,– деп опуза кылышат. Бул аз келгенсип, негизинен өзүнүн мойнунда болгон – балдарынын нафакасын (тамак-аш, кийим-кече, турак-жай) да аялынын мойнуна жүктөп коёт. Натыйжада аялдын эри да жок, же жок болуп андан ажырай албай, өмүр бою кор болуп келүүдө. Айта кетчү нерсе, мына ушундай абалда аял күнөөгө жол койсо, зынага кол урса, аны менен бирге ошол кароосуз калтырып, же талагын берип биротоло жолун бошотуп койбогон ыпылас эркек да бирдей күнөөкөр болот.
Кээ бир учурларда узак мөөнөттө чет-элдик сапарларда жүрчү кишилер, ал жердеги сойкуларга барып, кесибинин берекесин качырып, түрдүү илдеттерди жуктуруп келүүдө. Кээде дабасы жок ооруларды аларды күтүп турган аруу-таза аялдарына жуктуруп, өздөрүнө да, өмүрлүк жолдошуна да жабыр тарттырышат.
Аллах Таала Қуранда аялдарга жакшы мамиледе болууга кызыктырылып, аларга зыян берүү максатында кармап туруудан кайтарат. Бул ишти “чектен чыгуу” жана “зулум” деп атаган. Бул жөнүндө аятта мындай делинген:
وَإِذَا طَلَّقْتُمُ النِّسَاءَ فَبَلَغْنَ أَجَلَهُنَّ فَأَمْسِكُوهُنَّ بِمَعْرُوفٍ أَوْ سَرِّحُوهُنَّ بِمَعْرُوفٍ وَلَا تُمْسِكُوهُنَّ ضِرَارًا لِتَعْتَدُوا وَمَنْ يَفْعَلْ ذَلِكَ فَقَدْ ظَلَمَ نَفْسَهُ وَلَا تَتَّخِذُوا آَيَاتِ اللَّهِ هُزُوًا…
“Аялдарыңарга талак берсеңер, иддасы (мөөнөтү) жеткен учурда жакшылык менен (никеңерге) кайра алып калгыла, же алардан жакшылык менен ажырашкыла. Аларга зыян берүү максатында кармап турбагыла. Кимде-ким ушул ишти жасаса, чындыгында өзүнө-өзү зулумдук кылган болот. Аллахтын аяттары менен азил кылбагыла!… ” (Бакара сүрөсү 231-аят).
Урматтуу окурмандар! Азыркы күндө динибиздин душмандары Ислам динин жаман көрсөтүү масктында кыз-келиндерди курал катары пайдаланууда. Чындыгында, айрым жаңжал очокторунда болуп жатканындай аялдарга зулум өткөрүү, аларды кул кылып сатуу, согушкерлердин жыныстык кумарын кандырууну “нике жихады”, деп аташууда. Алардын колдоруна курал берип согушка жолдоо, өзүн жардыруу сыяктуу иштерге багыттоо, тынч журтунан эринин уруксатысыз, ата-энеси жана перзентерин кан какшатып таштап чыгып кетүү жана бул адашууну “хижрат” деп атоо, башында эри боло туруп жалган “мужахид”ге эрге тийүү сыяктуу ыйык динибизде таптакыр арам амалдардан деп саналат.
Аллах Таала үй-бүлө маселелеринде көп орундарда эркектерге кайрылган. Бул – үй-бүлөдө эркектин жооптуу экендигине ишаара. Бул жетекчилик милдетин алсыз аялдарга зулум кылууга колдонуп албаш керек.
Абибилла ажы Кадырбердиев
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы.