Манас эпосу кыргыз элинин улуттук байлыгы, оозеки элдик чыгармачылыктын баалуулугу, дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври. Эпос дүйнөдөгү элдердин эпикалык чыгармаларынын формасы жана мазмуну боюнча эң көлөмдүүсү катары XIX кылымда кеңири коомдук белгилүү болгон. «Манас» эпосу — кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын казынасы. Бул чыгарма элибиздин руханий табылгаларынын алгылыктууларын, басып өткөн тарыхый жолунун орчундуу окуяларын чогултуп, укумдан-тукумга өтүп келген улуу мурасы, улуттук сыймыгы. Манас» эпосу дүйнөдө зор көлөмдүү көркөм чыгарма. Манасчы Саякбай Карала уулунан жазылып алынган эпостун «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» үч бөлүмүнүн жалпы көлөмү 500 миң сап ырды түзөт. Бул байыркы гректердин «Иллиадасы» менен «Одиссеясын» бирге кошкон көлөмүнөн 20 эседей көп. «Манастын» ошол бир эле варианты илимде узак убакыт эн көлөмдүү эпос делип келген инди элдеринин «Махабхаратасынан» эки жарым эсе чоң. Жанрдык белгилери боюнча баатырдык эпос катары эсептелген бул чыгарманын мазмуну, берген маалыматтарынын көлөмү боюнча баатырдык эпостордун демейки алкагынан чыгьш, андан алда канча тереңдиги, масштабдуулугу менен айырмаланат. Дүйнөгө белгилүү Ч. Валиханов, В. Радлов өңдүү окумуштуулар XIX к. эле «Манас» эпосу аны көкүрөгүнө сактап келген кыргыз элинин тарыхын, философиясын, этнографиясын, тилин, көркөм өнөрүн, психологиясын, географиясын, медицинасын жалпы эле рухий жана социалдык турмушунун ар кыл жактарын изилдеп үйрөнүүдөгү өзгөчө бай жана баалуу булак экендигин баса белгилешкен. Кыргыз элинин турмушунун көркөм энциклопедиясы болгон «Манас» эпосунда кыргыз элинин эн байыркы доордон берки басып өткөң тарыхый жолунун урунттуу учурлары боюнча маалыматтар берилет.
Эпосго элдин абалын, жашоо шартын, үрп-адатын, дүйнөгө карата болгон философиясын чагылдырган көлөмдүү эпизоддор өтө арбын кездешет. Чыгармадан кыргыздардын турмушун белгилүү бир жагын чагылдырууга арналып, аны терең деталдаштырып берген маалыматтарды кездешүүгө болот. Мисалы, баласыз улгайган адамдын зарланганынан, балалуу болуу, ага тарбия берүүгө байланыштуу материалдар негизинен «Манастын туулушу жана балалык чагы» бөлүмүндө берилет. Кыргыз элинин эл башкаруу, уюмдашуу, элди бириктирүү жөңүндөгү аракеттери «Манастын кан шайланышында» чечмеленет. Элибиздин куда түшүү, баласын үйлөөгө байланыштуу каада-салттары «Манастын Каныкейди алганында» чагылдырылса, адам өлүмү, сөөк коюу үрп-адаттары «Кекөтөйдүн ашы», «Манастын өлүмү» бөлүмүндө баяндалган. Эпостон кыргыз элинин турмушунун бардык тармактарын камтыган ак менен кара, өмүр-өлүм, жакшылык-жамандык, пайда-зыян жөнүндөгү философиялык ой-толгоолорун билүүгө болот. Элибиздин диний ишенимдери, жүрүш-туруш нормалары, эл аралык мамилелери, жаратылыш, коом, география, медицина ж. б. жөнүндөгү билимдери да эпосто кеңири чагылдырылган. «Манас» эпосу зор көлөмдүү, узак убакыт ооз жүзүндө гана жашап келгендиктен анын өзгөрүүсүз сакталган (канондук) тексти жок. Эпостун мазмуну, ыр саптары устаттан шакиртке, бир муундан экинчисине өткөңдө, ал түгүл бир эле манасчы эпосту улам кайталап аткарганда өзгөрүүлөргө учураган. Ушундан келип эпостун түрдүү варианттары жаралган. Азыркы кезде «Манас» эпосунун негизги бөлүмдөрүнүн кагаз бетине түшүрүлгөң 70тен ашуун варианты белгилүү. Эпостун улам жаны үлгүлөрүн жыйноо иши дагы эле улантылууда. «Манастын» варианттарынын дээрлик бардыгында эпостогу негизги мазмунун, окуялардын нугун түзгөн салттык туруктуу эпизоддор сакталган. Бирок эпостун варианттарынын көлөмү, мазмундук, формалык касиеттери, көркөмдүк денгээли бир кылка эмес. Бири-биринен орчундуу айырмачылыктарга ээ варианттар да, көп белгилери боюнча жакын турган, бир эле окуяны айрым өзгөчөлүктөр менен айткан варианттар да бар.
«Манас» таануу илиминде эпостун окуялары толук камтылган үлгүлөрү такталган. Аларга эпостун биринчи бөлүмүнүн Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу, Шапак Рысменде уулу, Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракман уулу), Багыш Сазан уулу, Мойдобасан Мусулманкул уулу, Ыбрайым Абдыракман уулу, Мамбет Чокмор уулу тарабынан түзүлгөң варианттарын, ал эми «Семетей, «Сейтектин» Саякбай Карала уулу, Жаңыбай Кожек уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу, Багыш Сазан уулу, Жакшылык Сары уулу, Мамбет Чокмор уулу, Акмат Рысменде уулу, Актан Тыныбек уулу ж. б. жараткан варианттарын кошууга болот. «Манас» эпосунун негизги варианттарынын ичинен чоң манасчылар Сагымбай менен Саякбайдан жазылып алынган тексттер башка варианттардан материалдарынын толуктугу жана өзгөчө кенири планда айтылышы, көркөмдүк деңгээлинин жогорулугу менен айырмаланып турат.
“Манас” эпосунун башка тилдерде алгач баяндалышы “Мажму ат-таварихке” байланыштуу. Ушул чыгармада эпостун айрым окуялары тажик тилинде берилген. Эпостун В.В.Радлов жазып алган тексти өзүнүн котормосунда немисче 1885-жылы Лейпцигде жарык көргөн. Ч.Валиханов “Көкөтөйдүн ашын” кара сөз түрүндө которуп, “Жунгария очерктеринде” жарыялаган.
“Манасты” орус тилине которуу иштерине 1930–жылдары көңүл бурула баштаган. “СССР элдеринин эпосу” сериясынан Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча “Манас” эпосунун төрт томдугунун кыргыз-орус тилдеринде чыгышы “Манасты” которуудагы зор маанилүү окуя болгон.
«Манас” эпосунун үзүндүлөрү казак, орус, өзбек, англис, немец ж.б. дүйнөнүн көптөгөн тилдеринде жарык көргөн.