Радикалдашууга бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү иштери Жети-Өгүз районунда да өткөрүлдү

Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу багытындагы иш-чара Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда да болуп өттү. Бул тууралуу Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Талант Акылбек уулу билдирди.

Анын айтымында, жыйын Ички иштер министрлиги тарабынан уюштурулуп, ага укук коргоо органдары жана жергиликтүү 10-бөлүмдүн кызматкери, мамлекеттик органдардын жана дин кызматкерлери катышышты.

Чогулуштун алкагында радикалдашууга алып келе турган маселелер көтөрүлүп, аларды жоюу багытында чараларды көрүү ыкмалары талкууланды.

Айта кетсек, кечээ күнү ушундай эле иш-чара Ак-Суу районунда жана Каракол шаарында да өткөрүлгөн.

Бүгүн күндө экстремизм менен терроризмдин алдын алууга максатталган түшүндүрүү иштери өлкөнүн бардык аймактарында да жүрүп жатат.