Алай районунда «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсу боюнча маалыматтар берилди

Ош облусуна караштуу Алай районунун борбордук мечитинде Алай жана Чоң-Алай райондорунун имамдарына «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсу боюнча маалыматтар берилди.

Иш-чарага КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, Ош облустук мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол ажы Бакиров, Кыргызстан Ислам Университетинин окутуучусу Шермухаммад Акматжан уулу, Алай районунун башкы имам хатиби Тиллабай ажы Кадыров, Чоң-Алай районунун башкы имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбеков, хатибият кызматкерлери жана жергилииктүү имамдара катышты.

Иш-чарада Акимжан ажы Эргешов конкурс үчүн жарыяланган китептер диний кызматкерлердин айрыкча имамдардын билим деңгээлин жогорулатууга максат коюлганын баса белгилеп, имамдардын бул жатта активдүү болуу зарылчылыгына токтолду.

«Биз Куран окуган хафыздарыбызга, илими терең аалымдарыбызга ар кандай конскурстарды уюштуруп келгенбиз. Бул жолкусунда  имамдарыбыз үчүн дагы атайын конкурстарды уюштурууну чечтик. Чынында имамдарыбыздын коомдогу орду эбегейсиз. Мына ошондуктан да силердин илимдүү болууңар шарт»,- деди Акимжан ажы Эргешов.