Билал ажы Надыров: Эсепке так болуу үчүн кагаз иштерине дыкат көңүл буруңуздар


20-январь күнү Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу жалпы мечит мутавалилерине (бухгалтерлери) жыйын болуп, 2021-жылда аткарылуучу иштер талкууланды.

Иш-чарага Ош шаардык мусулмандар казыятынын иш башкарма башчысы Жанарбек ажы Матиев, бухгалтери Билал ажы Надыров, фатва бөлүмүнүн адиси Мисиратулло уулу Мухаммед жана Ак-Буура Чыгыш менен Ак-Буура Батыш хатибиятынын баш имам хатибдери катышты.

Иш-чарада эсептик кагаздарга так болуу, мечиттеги буюмдардын инвертарларын тактоо, Зекет жана үшүр жөнүндө маалымат берилди.

«Биз инсандар унутчаак болобуз. Мына ошондуктан, эсепке так болуу үчүн кагаз иштерине дыкат көңүл буруңуздар. Адам өзү өлсө да, кылган иши калат. Артыңыздарга пайдасы тие турган иштер жасап калыңыздар»,-деди Билал ажы Надыров.