Талас облусунун Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаевдин демилгеси менен мечит имамдары жана жергиликтүү тургандар ишембилик өткөрүштү. Муну менен катар бул күнү мечиттин килемдери жана айлана-чөйрө тазаланып, тосмолор сырдалып, көчөттөр отургузулду.
“Жазы мезгили келип, ишембиликтерди жана көчөттөрдү отургузуу иш-чараларын баштадык. Бул демилгени районубуздагы мечиттер дагы колдоого алышты”, — деди баш имам хатиб.
Манас районунун баш имам хатиби мамлекетибиздин жалпы жашоочуларын мекенди таза кармоого жана көчөт отургузууга чакырып, тазалык-ыймандан экендигин билдирди.
««Пайгамбарыбыз (САВ) мындай дейт: «Мусулман киши кандайдыр бир көчөт экпесин, эгер андан инсан, жаныбар же бир куш жесе, ал үчүн кыяматка чейин садака болуп турат». Андыктан биз жашылдандыруу иштерине дайыма көңүл буруп туруубуз керек»,-дейт Миржалал ажы Дадабаев.