Исфана шаарындагы «Абдулло ибн Аббас» Ислам институтунун эмгек жамааты чек ара чырында жабыркаган жашоочуларга жардам көрсөттү

Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарындагы «Абдулло ибн Аббас» Ислам институтунун мугалимдер жамааты, демөөрчүлөрү менен биргеликте учурдагы чек ара чырынан жабыр тартып өз айылынан убактылуу көчурулгөн элден кабар алып, жардам беришти.

Анын ичинде Тайлан айылынан чыккан 50 тургунга, Достук, Кулунду, Арка, Ак босого айылындагы жалпысынан болуп 150 тургун менен жолугуп, ал абалын сурап, тамаш-аш жана акчалай жардам көрсөтүштү.

Ошондой эле элди сабырдуулукка, биримдикке, ынтымакка чакырды. Институт ректору Абдигапаров Кубатбек элдин көйгөйүн терең кайгыруу менен кабыл алып, колунан келген жардамын аябастыгын билдирди.

«Эли үчүн кызматка дайыма даярбыз, өлкөбүздө мындай окуя кайталанбасын. Мындан ары өсүп-өнүгүү, ынтымак, биримдик болсун»,- деди Кубатбек Абдигапаров. 

Ал эми  Ислам институтунун мугалимдери Сүлүктү шаарына көчүрүлгөн 60 жашоочуга да материалдык жана моралдык жактан колдоо көсөтүп, дүрбөлөнгө алдырбай, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымакта болуп, бири — бирибизге колдоо көрсөтүү  зарыл экенин эскерти.