Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Талас облустук казыятынын жаңы идарасына капсула салды

Бүгүн, 3-сентябрда Кыргызстан мусулмандарыныны Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев жана облус казылары Талас облусунун мусулмандар казыятынын жаңы идарасынын курулушуна капсула салышты.

Капсула салган учурда Азирети Муфтий казыяттын курулушуна демөөрчүлүк кылган инсандардын баарына ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады. Муну менен катар КМБД облустук казыяттардын материалдык жана идарасын жаңыртууда алгылыктуу иштерди жүргүзүп жатканына токтолду.

«Элибизге диний баалуулуктарды жайылтууда жана диний сабатсыздыкты жоюуда казыяттын ээлеген орду чоң. Аймактагы казыяттарга мусулмандар ар кандай маселе менен кайрылышат. Алардын маселесин учурунда чечип, эл менен тыгыз иштешүү учурдун талабы. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы аймактардагы казыяттардын ишмердүүлүгүн жакшыртууда болгон аракетин көрүп келген, мындан ары дагы бир катар иштерди жүргүзө бермекчи»,-деди Замир кары Ракиев.

Белгилей кетсек, Талас облустук казыятынын жаңы идарасы заманбап, бардык шарты менен 2 кабаттан турат. Анда жатакана, конференция залы, аялдар үчүн бөлмө, окуу бөлмөсү, мечити менен кошо бүткөрүлмөкчү.